Дааватты эмнеден башташ керек?

Бүгүнкү күндө, Саудиядан башка бүткүл ислам дүйнөсүндө, ар кандай кабырлардын үстүнө курулган ширк-мазарлары бар экени маалым. Ал нерсени биз угуп келебиз жана баргандар болсо, өз көзүңөр менен көрcөнөр керек.

Алар үчүн дин – бул Аллага шерик кошуу, арбактарга сыйынуу жана кабырлардан жардам суроо болуп калган. Эгер алардын арасында кимдир бирөө алар сыйынгандай сыйынбаса – ал мусулман болуп саналбайт. Себеби алардын ишеними боюнча ал арбактарга(аулияларга) урмат-сый көргөзбөй жатат деп эсептешет.

Тилекке каршы ал мамлекеттерде көпчүлүк динге чакыруучулар Таухидке өтө жеңил карашат. Алар, мусулмандарды жалпысынынан жакшы кулк-мүнөзгө, адептүүлүккө, сойкулуктан алыс болууга, ичимдиктерди таштоого чакырып келишет. Туура, атап өткөн амалдар чоң күнөөлөр экени шексиз!

Эми карап корүнүз, эгерде адамдардын баары зинадан алыс болуп, ичимдик, сүткордукту таштап. Бирок ошол эле учурда кабырларга сыйынганын таштабаса, анда алардын башка кылынган ибадаттыры кабыл болбойт! Акыйкатта алар чоң күнөөлөрдү таштаган болуп эсептелбейт, качан гана алар Аллага шерик кошууну таштабаса.

Жада калса, эгер мусулман ширкти жек коруп, ширк кылган адамдардан алыстамайынча. Жана таухидти сүйүп, ага чакырмайынча ал, ошол ширк кылган адамдырдын катарында кала берет.

Ошол себептен Алла элчисине айтат «Айт: «Ушул менин жолум! Мен адамдарды Аллага (эч нерсени шерик кылбай сыйынууга) чакырамын! Мен жана мага ээрчигендер анык далилдин үстүндөбүз. Алла (мушриктер сыпаттаган кемчиликтүү сыпаттардан) Аруу-Таза!» Жана мен мушриктерден эмесмин!»

Бир Аллага сыйынган мусулман, мушриктерден алыстоосу зарыл. Качан гана анын жеринде, мазарлар курулуп, кабырларды Каабга теңеп айлангандар кобойүп, ширк таркап баштаган кезде. Мусулманга унчукпастан тым болуусу жарашпайт. Себеби бул оруу- ширк, Ислам үммөтүнүн денесин чиритет.

Кээбирки адамдар айтышар: «Жок, адамдырды жакшы кулк-мүнөзгө, ичимдиктерди, сойкулукту таштоого чакыруу керек». Биз аларга мындай деп жооп беребиз: «Аталган күнөөлөрдү таштоо эмне пайда берет, эгер Исламдын негизи болгон Таухид жок болсо!?»

Сен үй салардын алдында, анын пайдубалын кылдыттык менен курууң абзел эмеспи? А эгерде пайдубалына көңүл бурбастан, дубалдарын канча кооздоп көтөрбөгүн ал курулуш урайт. Сага жана ал курулуштун ичине кирген адамдарга коркунуч туулат.

Ошол сыйктуу эле – бул ДИН!

Эгерде дин, туура акыйдада – ишенимде, Алланын таухидинде курулбаса анда ал эч бир пайда алып келбейт. Пайдасыздыгынын себеби, ал дин бош, туура эмес негиздин үстүнө курулган.

Бүгункү күндөгү эң залкар ахли-сунна аалымы
Шейх Солих Аль-Фаузан
(Аллах аны Өз коргоосуна алсын )

Чоң Уламалар Кеңешинин мүчөсү
Фатва боюнча Туруктуу Комитеттин мүчөсү
Мекке шаарынын Фикх Академиясынын мүчөсү
Ажыларды көзөмөлдөө комитетинин мүчөсү

© ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий