Акыр Заман фитналарынан аман калуу

Бүгункү күндөгү эң чон ахли-сунна аалымдардын бири Шейх Солих Аль-Фаузан (Аллах аны Өз коргоосуна алсын )

Чоң Уламалар Кеңешинин мүчөсү,фатва боюнча Туруктуу Комитеттин мүчөсү, Мекке шаарынын Фикх Академиясынын мучөсү .

Суроо: Учурда адамдардын башына чоң фитна (сыноо) келгенине күбөбүз жана анын коркунучу жалпы ааламга тийип жатат. Мындай абалдан кутулууга мусулмандарга кандай кеңешиңизди бересиз, Аллах сизден ыраазы болсун.

Жооп: «Мындай фитна — токтомок түгүл тескерисинче күчөйт. Фитналардан арылуу үчүн мусулмандар туура динге кайтышы зарыл. Эгер мусулмандар туура динди карманбаса, мындай жаман көрүнүш күчөй берет жана Аллах Таала душмандарды мусулмандардын үстүнө үстөмдүк кылып койот.

Туугандар, силер билесиңерби?! Ухуд согушунда кээбир сахабалар чоң ката кетиришкен. Алардын катасы мындайча болгон: Пайгамбарыбыз (алейхис солату уас салаам) согуштун алдында, аларды тоонун башынан орун алуусун буйруйт. Алардын тапшырмасы, душмандарды (мушриктер, каапырлар) арт жактан чабуулга өткөрбөй, бийиктиктен көз салып туруусу болгон. Согуштун башында мусулмандар душмандарын жеңип, кубалап жиберишип, олжо жыйноого киришет. Пайгамбарыбыз (алейхис солаату уас салаам): « Жеңсек дагы, жеңилсек дагы тоонун башынан кетпегиле» — деп айткан эле. Тоодо турган сахабалар ылдыйда олжону жыйнап жатышкандарын көрүп: «Биз жеңдик, согуш бүттү, биз дагы барып олжо жыйнашалы» — деп тоодон түшүп кетишет. Алардын арасынан башчысы: Кетпегиле! Пайгамбарыбыз (алейхис солату уас салаам): «Жеңсек дагы, жеңилсек дагы тоонун башынан кетпегиле» — деп айтпады беле дейт . Бирок алардын кээбирлери аны укпастан түшүп кетет.

Ошентип, тоонун үстүндө башчысы менен бираз жаачылары калып, шахид болушат (Аллах алардан ыраазы болсун). Аны көргөн душмандар учурдан пайдаланып, мусулмандар эч нерсени байкабай турганда, тоону айланып арт жактарынан келип калышат. Ошентип мусулмандар эки жагынан тең душмандардын курчоосунда калат. Кармашуу экинчи жолу болуп бүткөн соң, кетирген катасы үчүн мусулмандар көп жоготууга учурашат. Жада калса пайгамбарыбыз (алейхис солату уас салаам) согушта катуу жараат алып, бети башынан кан кетет. Мындай утулуу эмненин айынан чыкты!?

Албетте пайгамбарыбыздын (алейхис солату уас салаам) буйругуна каршы чыгуудан келип чыкты! Аллах Таала Куранда бул тууралу мындай дейт: «۞ Силер (Ухуд согушу башталганда) Анын уруксаты менен каапырларды талкалап киргениңерде, Аллаh (жеңиш беремин) деген убадасынын үстүнөн чыккан болчу. Анан качан, Аллаh силер сүйгөн нерсени (жеңишти) көзүңөргө көргөзүп койгондон кийин гана өзүңөр алсыз болуп, (пайгамбар берген) буйрук тууралуу (өз ара) талашып, анын буйругун аткарбай койгонуңар — силерден кээ бирөөлөр дүйнөнү (олжону), кээ бирөөлөр Акыретти каалайт экен — ошондон кийин гана Аллаh, силерди сынаш үчүн силердин (жүзүңөрдү) алардын (аркаларынан) буруп койду. (Кийин алардын жүзү силердин аркаңарды карап, силерди кубалап калды). Жана (андан кийин) Ал силерди кечирди ۞

”(Ал Имран 152).

Бул бизге сабак болушу керек! Себеби мындай сыноолор жада калса туура жолдо жүргөн адамдарга да зыянын тийгизет. Азыркы күндө мусулмандардын көбү Ислам динин иш жүзүнө ашырбастан, биз мусулманбыз деп ооз эки айтуу менен чектелишет. Тагыраак айтсак Ислам дининин өкүмдөрүн алышпайт, туура акыйданы карманышпайт, эрежелерин четке кагат. Жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтарышпайт.

Ошол себептен мындай фитнага (сыноо) мусулмандар туруштук бере албай, утулууга дуушар болуп жатканына таң калбай эле коёлу. Бул фитнадан кутулуунун бир гана жолу бар ал — Аллахтын Китебине жана Пайгамбарыбыздын (алейхис солату уас салаам) сүннөтүнө кайтуу.

© ИсламЖолу

 

Share

You may also like...

Добавить комментарий