Бийликке каршылык кылуунун түрлөрү: ишеним, сөз, амал менен

Митинг-демонстрацияларды уюштуруу, элдин алдында бийликтин кемчиликтерин жайылтуу — эл башчыга каршы чыгуу болуп эсептелет. Бийликке каршы чыгуунун түрлөрү бар. Харижиттердин түрлөрү бар. Дароо эле адам колуна курал көтөрүп революция деп чуркап калбайт.

Мусулмандар митинг уюштурушпайт, бирөө уюштурса ага катышышпайт. Себеби бул Пайгамбарыбыздын (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям), сахабалардын жана табаиндердин жолу эмес. Бийлик менен болгон мамилелеринде алар сөз менен да, ишеним менен да, колу менен да каршы чыгышкан эмес. Кыйынчылык келсе — хадисте айтылгандай — сабыр тутушуп Аллахка кайрылышып, дуа кылышкан. Аалымдардын бир ооздон пикири боюнча мусулман бийлик башчысына каршы чыгуу — чоң күнөөлөрдөн.

Митинг — бийликке каршылык кылуу деп эсептелет.

Митинг кылуу — батыштын адаты. Мусулмандар буга жол бербеши керек.

Бул тууралуу Чоң Уламалар Кеңешинин мүчөсү
Фатва боюнча Туруктуу Комитеттин мүчөсү
Мекке шаарынын Фикх Академиясынын мүчөсү
Ажыларды көзөмөлдөө комитетинин мүчөсү
Шейх аль-Фаузандын фетвасы

Шейх Фаузан: «Бийликке каршылык кылуу — ишеним, сөз жана амал менен болот. Харижиттердин түрлөрү»


❔ 
СУРОО. Аллах сиздин өмүрүңүзгө берекесин берсин, мен сизди Аллах жолунда жакшы көрөөрүмдү Аллах билет. Менин суроом төмөнкүдөй. — Азыркы учурда, аалымдарды ар кандай жамааттарга “сорттоо” көбөйдү. Аалымдарды кемсинтүү көбөйдү. Керек болсо “Аалымдар – мамлекеттин кызматкерлери» деп айтканга чейин барышууда. Бул тууралуу, кандай насаат бересиз? Аллах сизден ыраазы болсун!

Экинчи суроом: — Башчыны каралоо жана өзү жокто, анын кемчиликтерин эл арасында жайылтуу – башчыга каршы чыгуу (хуруж) болуп эсептелеби? Бул, ага каршы митинг кылуу деп эсептелеби?


ЖООП. Шейх Салих ибн Фаузан аль-Фаузан айтты:


Бийликке каршылык кылуу (хуруж) — сөз, ишеним жана амал менен болооруна эч күмөн жок.

Башчыга каршы чыгуунун түрлөрү бар. Ошондой эле харижиттердин түрлөрү болот:

1) Эгер адам харижиттердин ИШЕНИМИНДЕ болсо, ал башчыга каршы чыкпаса да, колуна курал албаса да — харижит деп эсептелет. Себеби, андай адам өзүнүн ишеними менен харижит.

2) Ал эми, харижиттердин ишеними тууралуу СҮЙЛӨП, ага чакырган адам — сөзү менен харижит. Тагыраак айтканда, анын харижит экендигин, сүйлөгөн сөзү далилдейт.

Кимде ким туура жолдон чыгып кетсе — демек ал адашууда. «Чындыктан кийин адашуу гана бар. Андан башка эмне болмок эле?! Кайда бурулуп бара жатасыңар?!»(Куран 10:32).

Кошумча окуу: Жакшы иштерде бийликке баш ийүү милдеттүүлүгү


Экинчи суроо боюнча: «Аалымдарды мамлекеттин кызматкерлери деп айтышкандары» тууралуу?…


Андайларга көңүл бурбай эле койгула! Кудайга шугур, мусулмандар аалымдарга ишенишет, алардан фатва сурашат жана илимдерин алышат. Андай жалаа жабуулар, аалымдарга зыянын тийгизбейт. Алар бул жалаа жабуу менен — биз өзүбүздүн динибизди, аалымдарыбызды жана Аллах берген көптөгөн жакшылыктарды ташташыбызды — гана көздөп жатышат.

?https://www.youtube.com/watch?v=bnN5JkjTGGY

© ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий