Айт намазына катышуу — ар бир мусулман эркектин парзы.
Шейхул-Ислам Ибн Теймия мындай деген:
? “Биз, бул тууралуу Абу Ханифа жана башка имамдар айткандарындай, айт намазы ар бир инсанга жеке парз (фардул-‘айн) деген корутундуга келдик.
Жана бул имам Шафи`идин да пикирлеринин бири жана имам Ахмад мазхабынын да пикирлеринин бири.
Ал эми «Айт намазы фардул-кифая» деген сөздөргө келсек, алар акыйкат болуудан алыс! Акыйкатта, ал Исламдын эң улуу ырымдарынын бири, жана ага жума күнүнөн да көбүрөөк адам жайналат, анда такбир бекитилген. Ал эми фардул-кифая деген сөз туура эмес”.
? Кз.: “Мажму’ул-фатауа” 23/161.
© ИсламЖолу