Шейх Солих аль-Фаузан “ТАУХИД ДЕГЕН ЭМНЕ?” тууралуу айтты:
? Таухид – бул философия (калям жана мантык) аалымдары айткан нерсе эмес.
Алар айтышат: “Таухид – бул жаратууда, ырыскы берүүдө, тирилтүүдө, өлтүрүүдө, башкарууда Аллахты жалгыз деп билүү”.
Бирок, бул нерсе – таухид рубубияга гана тиешелүү. Талап кылынган таухид бул эмес.
Себеби муну баардык макулуктар моюндарына алышат. Жада калса мушриктер (бутпарастар) да Аллахтын Жаратуучу, Ырыскы Берүүчү жана Башкаруучу экендигине ишенишет.
۞ Айт: «Силерге асман жана жерден КИМ ЫРЫСКЫ БЕРЕТ? Же болбосо, кулактардын, көздөрдүн ЭЭСИ КИМ? Ким өлүктөн тирүүнү, тирүүдөн өлүктү чыгара алат? (Ааламдагы) иштерди КИМ БАШКАРАТ?». Алар дароо: «АЛЛАХ» ДЕП ЖООП БЕРИШЕТ . . . ۞ (Куран, Юнус 10:31)
Мушриктер “Аллах” деп жооп беришет, “ушул нерселердин бардыгын кылган – Аллах; бул иштерде Анын шериги жок” дешет.
Бирок, ошого карабай алар – мушритер. Аллахка сыйынууда мушрик болушкан.
Таухид Рубубияда – муваххид (Аллахты жалгыздоочу) болушкан, бирок Аллахка ибадат кылууда – мушрик (ширк кылуучу) болушкан: Аллах менен кошо башка нерселерге да сыйынышкан.
⚠ Мына, ушундай ширктен кайтарыш үчүн Аллах Таала элчилерди жиберген.
❌ Элчилер келип элдерге “Аллахтын Жаратуучу, Ырыскы берүүчү экендигине ишенгиле” деп айтышкан эмес. Элдер бул нерсеге ансыз деле, пайгамбарлар талап кылбаса деле ишенишчү.
✅ Элчилер адамдарга тек кана “Аллахка сыйынгыла жана Ага эч нерсени шерик кошпогула” (Куран, ан-Ниса 4:36) деп айтышчу. Мына, ушул нерсе менен Аллах элчилерди жиберген.
Чындыгында, талап кылынган таухид – мына ушул таухид.
Ал эми Таухид Рубубияга ишенүү менен эле чектелүү – эч пайда бербейт. Мушриктерге ал пайда берген жок. Мушриктер дагы Таухид Рубубийага ынанышкан. Бирок бул нерсе аларга пайда берген жок, качанга дейре алар Таухид Улухияга ишенмейинче: ибадатты жалгыз Аллахка арнап, Ага шерик кошпой калганча.
https://www.youtube.com/watch?v=fTx2WW3L_mM
© ИсламЖолу