Ажылыкка тиешелүү кээ бир терминдер

Исламдагы эң чоң ибадаттардын бири — Ажылык — жакындап калды. Ажылык – чыныгы биркудайчылыктын (таухид), Аллахка сыйынуунун көрүнүктүү символу.
ℹ АЖЫЛЫК (чоң ажылык) – белгилүү айларда #Мекке жана анын айланасындагы жерлерге барып, белгилүү ибадаттарды аткаруу. Аллахтын Үйүн зыярат кылуу. Исламдын түркүктөрүнүн бешинчиси. Күчү жеткен ар бир мусулманга – өмүрүндө бир жолу ажылык аткаруу – ыйык парз.

? КААБА – Меккедеги аль-Харам мечитинин ортосунан орун алган, төртарчы кара имарат. Ибадат үчүн курулган дүйнө жүзүндөгү эң биринчи курулуш. Бир бурчунда бейиштен түшкөн Кара Таш (аль-Хажар аль-Асвад) жайгашкан. Чоң же кичи ажылык кылгандар Каабаны жети жолу айлануулары шарт. Кааба бардык мусулмандардын намаз окууга бет алган кыбыласы.

ИХРАМ – чоң же кичи ажылык ибадаттарын аткарууга ниет кылуу. Микатка жеткен убакта: эркек ажылыкка ниет кылат, жип менен тигилБеген эки ак кездеме кийет, ал эми аял кишиге ихрам үчүн ниети эле жетиштүү, өзгөчө бир кийим кийбейт. Ихрам абалында жыныстык мамиле кылуу, аң уулоо, нике кыйуу, эки ак кездемеден сырткары башка кийим кийүү, атыр себинүү, тырмак-чач алуу – арам болуп эсептелет.

МИКАТ – Ажыга бара жаткан киши ихрамга кирчү жер же убакыт. Меккенин айланасындагы чек ара. Ошол чек арадан ажы бир гана ихрам абалында өтүшү керек.

? ЗАМЗАМ – Меккеде жайгашкан Каабанын тушундагы белгилүү кудук. Анын суусу берекелүү. Ибадат үчүн жана ооруларга шыпаа үчүн ичилет.

ТАВАФ – айлануу, тегеренүү. Каабаны жети жолу айлануу. #Ажылык учурунда жана андан сырткаркы кездеги аткарылчу сооптуу ибадат. Дүйнө жүзүндө бир гана Каабаны таваф кылуу уруксат. Башка нерселерди ибадат ниетинде таваф кылуу – чоң күнөө, ширк болот.

САЪЙ – Тавафты аткарган соң, Сафа жана Марва тоолорунун ортосундагы аралыкты жети жолу ыкчамдап басып өтүү.

МИНА, #АРАФАТ, #МУЗДАЛИФА, #ЖАМРАТ – чоң ажылыктын ибадаттары аткарылчу жерлердин аттары. Бардыгы Мекке шаарынан алыс эмес жерде жайгашкан.

? ЪИД АЛЬ-АДХА – #Курман_Айт майрамы. Ажылар курмандыктарын сойчу Зуль-Хижжа айынын 10-күнү.

?? УМРА – #кичи_ажылык ибадаты. #Мекке’ге ихрамчан кирип, Каабаны таваф кылып, намаз окуп, Сафа-Марва тоолорунун арасынан 7 жолу чуркап Аллахка сыйынуу өрөлгөлөрү.
© ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий