Карыз орозону кармаган учурда жыныстык катнаштын өкүмү

❔СУРОО. Эгер аялдын Рамазандан калган карыздары бар болсо, Рамазан бүткөндөн кийин, ал аял каза орозосун тутуп жаткан учурда – күйөөсү менен жыныс мамиле кылган болсо – АЛ АЯЛ 60 КҮН КАФАРАТ ОРОЗО КАРМАП БЕРИШ КЕРЕК БОЛОБУ же бул маселе бир гана Рамазан айына тиешелүүбү?

❕ЖООП. Шейх Ибн аль-Усеймин رحمه الله айтты:

Бул аял Рамазан айынын каза орозосун тутуп жаткан эле, анан күйөөсү аны менен жыныстык мамиле жасады. Эгер бул нерсе аялынын каалоосуСуз, күйөөсү мажбурлап кылынган болсо – ал аялга эч нерсе болбойт, орозосу толук делет.

Ал эми эгер ошол жыныстык кошулууда аялдын да каалоосу бар болсо – андай учурда аял күнөөкөр болот, бирок ал үчүн аял кафарат (60 күн) тутпайт, ал аял ошол күндүн гана орозосун (кайра) карыз кылып тутуп берет.

Себеби кафарат – орозо кармоого МИЛДЕТТҮҮ болгон адам РАМАЗАНДЫН күндүзү оозун ачып жиберсе – ошого гана тиешелүү.

Ал эми Рамазан айында кимге орозо кармоо парз болБосо, аларга (жыныстык кошулуудан) кафарат жок. Жада калса, эгер алар орозо кармашып, (бирок кийин оозун ачалы деп, жыныстык катнашка барса да) алар кафарат кармап беришпейт.

Мисалы: Рамазан күндөрү бир МУСАПЫР киши аялы менен Меккеге барып калды, орозо кармады, бирок анан аялы менен кошулууну каалап калды. Мындай учурда, ал киши аялы менен кошулуу уруксат (себеби ал мусапыр, ал эми мусапырга орозо тутуу парз эмес, кийин ошол сапардагы күндөрүн Рамазан бүткөн соң карыз кылып кармап берет). Ал, бир гана ошол күндүн казасын кармап берет. Себеби, сапардагы кишиге орозо кармоо парз эмес.

Мындай маселени биз жакшылап түшүнүшүбүз керек! Демек, Умра кылып жүргөн бир мусапыр келип сенден: “Мен аялым менен Рамазан күндүзү жыныстык мамиле жасадым, эми эмне болот?” деп сураса, сен ага “аялың менен кошулган үчүн кафарат кармашың керек” деп жооп бере албайсың.

Булак: http://zadgroup.net/bnothemen/upload/ftawamp3/od_233_21.mp3

Шейх Мухаммад ибн Солих аль-Усеймин  (1929-2001)
чоң аалым, факих, муфассир. Сауд Аравиясы.

© ИсламЖолу

www.islamjolu.kg

Share

You may also like...

Добавить комментарий