Мухаррам айынын пазилети жана орозосу ? Шейх Фаузан

СУРОО. Урматтуу шейх, бир туугандарыбыздын бирөөсү суроо берип, “Мухаррам айынын пазилети жана анын орозосу тууралуу Шейх Солих бизге кенен баян кылып берсе” деп суранып жатат.

❗️ ЖООП. Шейх Солих аль-Фаузан айтты:

Ооба. Аллахтын айы Мухаррам тууралуу, анын пазилеттери тууралуу хадистер келет. Аллахтын элчиси ﷺ айтты: “Аллах үчүн Рамазандан кийинки эң сүйүктүү ай – Мухаррам айы”. Мухаррам айынын өзгөчө биринчи он күндүгүндө артыкчылык бар. Себеби ушул күндөрү Аллах Өзүнүн элчиси Мусага (алейхис-соляту вас-салям) жардам берип, анын душманы Фараонду аскерлери менен кошо жок кылган эле.

Мухаррам – Аллах үчүн Рамазандан кийинки эң сүйкүмдүү ай. Анын орозосу Рамазандан кийинки эле эң жакшы орозо. Мухаррам айынын ичинен өзгөчө тогузунчу жана онунчу күндөрү артыкчылыкка ээ. Эң өзгөчөсү онунчу числосу жана анын алдындагы бир күн же андан кийинки бир күн.

Бул күндөрү орозо тутуу – мустахаб, сооптуу амал.

 

Кошумча окуу:

Ашура күнүнүн бидааттары

Мухаррам орозосу — Муфтий Шейх Ибн Баз

Ашура күнү кантип орозо кармалат? — Шейх Солих аль-Фаузан

Орозо кармоонун жалпы эрежелери (толук)

 

✨ Пайгамбар ﷺ Мединага хижрат кылып келген кезде, жөөттөр бул күнү орозо тутушаар экенин көрөт. Эмнеге деп сураганда, алар: “Аллах бул күнү Муса жана анын коомун куткарып, Фираун жана анын коомун чөктүргөн. Ошондуктан биз Аллахка шүгүр кылып, орозо тутуудабыз”, — деп жооп беришет. Анда Пайгамбарﷺ : “Силерге караганда Мусага биз жакыныраакпыз, биз акылуураакпыз” деп айтып, өзү бул күнү орозо тутат жана башкаларды да орозо тутууга буюрат.

⚠️ Бирок жөөттөргө каршы келиш үчүн, [бул күндү жалгыз калтырбастан] ага чейин бир күн же андан кийин бир күн кошо тутууну буюрат.

Мухаррам – улуу ай, пазилеттүү ай. Аллах Муса пайгамбарга жана Бани Исраил элинин мусулмандарына жардамын көрсөткөн ай.

Пайгамбар ﷺ анда (Ашура күнү) орозо тутту жана ага чейин бир күн же андан кийин бир күн кошо тутууну башкаларга буюрду. Жөөттөргө каршы келиш үчүн.

[Ашура орозосунун] эң жакшысы – үч күн орозо тутуу: өзү менен кошуп, ага чейин бир күн ЖАНА андан кийин бир күн – жалпысынан үч күн орозо тутуу. Эң толугу ушул.

Андан кийинки даражада болсо эки күн орозо тутуу турат: өзү менен кошуп, ага чейин бир күн ЖЕ андан кийин бир күн.

Ошондой эле, ага чейин да андан кийин да күндөрдү кошпостон, өзүн эле бир күн орозо тутуу болот.

Демек, [Ашура күнүнүн] орозосу 3 мартабада каралат:
❶ Ашура күнүн, ага кошуп ага чейинки бир күн жана андан кийинки бир күндү орозо тутуу;
❷ Ашура күнүн, ага кошуп ага чейин же андан кийин бир күн кошо орозо тутуу;
❸ Ашура күнүн жалгыз эле орозо тутуу.

Мунун баары сүннөттө келген. Мустахаб сооптуу, жакшылыгы көп амалдар.

СУРОО. Ушул айды ТОЛУГУ менен орозо тутуу…?

❗️ ЖООП. Ооба. Бул ай – Рамазандан кийин орозо үчүн эң жакшы ай делет. Демек ушул айды толугу менен тутуу эң жакшы иш.

 

? Солих ибн Фаузан ибн Абдуллах аль-Фаузан
(1933-ж. төрөлгөн, Сауд Аравиясы)
– учурдагы ахлю-с-сунна чоң аалымдарынын бири, факих,
– шариат илимдеринин доктору.
– Сауд Аравиясынын Муфтияты (аль-Ляжна ад-Даима) жана Чоң аалымдар Комитети (Хайат Кибар аль-Уляма) ж.б.у.с. илимий уюмдардын мүчөсү.
– Көптөгөн илимий эмгектердин, лекциялардын автору.

 

Видеону телефонго көчүрүп алуу (MP4, 38 Мб)
MP3 аудио форматында жүктөп алуу (2.2 Мб)
Видеону YouTube каналынан көрүү

 

 

Рамазан айынан кийинки эң абзел орозо - Аллахтын айы - Мухаррам айындагы орозо (Муслим: 1163)

Мухаррам айы Рамазандан кийин орозо үчүн эн жакшы ай (хадис)? ИсламЖолу:

@islamjolu
Telegram / FB / Ok / VK / Twitter / YouTube / Instagram

Share

You may also like...