Киши өлгөндө көңүл айтуу (тазия) адеби — Шейх Ибн Усеймин

Киши өлгөндө көңүл айтуу (тазия) адеби — Шейх Ибн Усеймин

200
0
ПОДЕЛИТЬСЯ

СУРОО. Урматтуу Шейх! Киши өлгөндө көңүл айтуунун (тазия) адеби кандай? Өлгөн кишинин туугандарынан сырткары адамдарга көңүл айтылабы – досторуна, кошуналарына? Көңүл айтууда өбүү жана кол алышуу Шариатта барбы? Телефон аркылуубу же үйүнө барыппы?  «Тазия бир гана кайгыга баткан адамдарга айтылат» деген хадиспи жана анын мааниси кандай? 

❗️ ЖООП. Шейх Мухаммад Ибн аль-Усеймин айтты:

Тазия – бекем сүннөт (му’аккада) амал. Ал жакын адамын жоготуп, кайгыга баткан адамга айтылат: анын тууганына, досуна ж.б.

Тазия (التعزية) – сөзүнүн мааниси: башына кыйынчылык түшкөн адамдын кайратына дем берүү. Көңүл айтуу деген ушул. [Араб тилинде] катуу жер “ард ъазаз” делет (тазия сөзү менен уңгулаш). Кыйынчылык көрүп жаткан кишини ошол мусыйбаттын алдында “жумшарып” кетпесин деп, катуу болсун деп аны “бекемдегениң” тазия делет.

Кыйынчылык балээ көрүп жаткан ар бир адамга, жакшы көргөнүн жоготконго же ооруган адамга тазия айтсаң болот.

Өлгөндө көңүл айтуунун эң эле жакшы сөзү, Пайгамбар ﷺ өз кызына айткан сөздөр. Качан [кызынын баласы чарчап калганда] ал бир кишини жиберет. Пайгамбар ﷺ ал киши аркылуу кызына бул сөздөрдү айтат:

فَلْتَصْبِرْ وَلْتَحْتَسِبْ فَإِنَّ للهِ مَا أَخَذَ وَلَهُ مَا أَبْقَى وَكُلُّ شَيْءٍ عِنْدَهُ بِأَجَلٍ مُسَمّى

«Сабыр кыл жана сооп үмүт кыл: алса да, калтырса да – ал Аллахка таандык. Анын алдында ар бир нерсе тагдыр мөөнөтү менен жазылган» (Бухари: 7377; Муслим: 923).

(Фаль-тасбир валь-тахтасиб: фа-инна Лилляхи маа ахоза ва маа абкоо. Ва куллу шейин ъиндаху би-ажалин мусаммаа)

Эң жакшысы ушул сөздөр менен айтуу. Бирок, ылайыгы келген дуаларды да айтса болот. Мисалы, бүгүнкү күндө эл арасында көңүл айтуу учурунда “Аллах сообуңду көбөйтсүн! Кайрат берсин! Өлгөн адамдын күнөөлөрүн кечирсин!” ж.б.у.с. сөздөр кенен этек жайган. Ушул сыяктуу ылайыгы келген дуаларды айтса болот.

Көңүл айтууда – өбүшүү жана кол алышуу тазия адебинен эмес. Албетте, адам менен алгач көрүшүп саламдашканда кол алышасың, ал нерсе бар. Бирок, “тазияда сөзсүз кол алышыш керек” деп аны динге тиешелүү кылганың – бул бидаат болот. Себеби, ким Аллах дин деп койбогон нерсени кылып, ошол аркылуу сооп табам десе – бидаатчы деп эсептелет.

Көңүл айтуунун жерине келсек – анын бир белгилүү жери жок, б.а. кайгырган киши бир жерге отуруп, башкалар келип ага көңүл айтат деген нерсе жок.

Көңүл айтуунун убактысына келсек – кээ бир аалымдар “кайгы-капа түшкөндөн баштап үч күн ичи” деп фетва беришкен. Далил катары «Күйөөсүнөн тышкары башка адамдарга, аял үч күндөн ашык аза күтүүсү арам болот» деген Пайгамбардын ﷺ хадисин карманышат. Бирок, бул хадис тазия эмес, аза күтүү үчүн болгондуктан – далил катары бул маселеге туура келбейт деп ойлойбуз. Туурасы: адамдын кайгы-капасы улана бергиче тазия айтыла берилет. Ал эми кайгысын унутса же эч кандай деле кайгыга батканы көрүнбөсө – ага тазия айтылбайт.

Бирок, тазияны кайталап айта берсе болобу? М: бүгүн бир кишиге тазия айттың, эртең кайра жолугуп калсаң тазияны кайталайсыңбы? “Ооба, эгер себеби бар болсо болот” деп айтаар элем. М: мен бүгүн тазия айткан кишимди, эртеси деле кайгы-капага баткан, ыйлаган акыбалда көрсөм, ага “Бир тууганым! Аллахтан корк! Өлгөн адамга аза бербе. Себеби өлгөн адам туугандары ыйлаган сайын ошончо азапталат” деп айтам. Бул жерде азапталат дегендин мааниси – жаза ирээтинде эмес, бирок жаны кысылып жана ошол мааниде кыйналат.

Жыйынтыктап айтканда:

— тазия бир адам менен чектелбейт, бирок ал мусыйбат көргөн ар бир инсанды камтыйт;

— тазия бир жер менен же заман менен чектелбейт. Адамда мусыйбаттын изи бар болсо көңүл айтсаң болот;

— ал эми тазияны кайталоо боюнча, силер азыр билгендей, эгер ага муктаждык болсо кайталасаң болот, болбосо жок.

СУРОО. Телефон аркылуу тазия айтылабы?

ЖООП. Бардык нерсе менен болот: телефон менен, жазуу аркылуу ж.б.

СУРОО. Көңүл айтып коеюн деп атайын баруу болобу?

ЖООП. Андай кылбай эле койсун деп айтаар элек. Себеби Жарир ибн Абдуллах (радияЛлаху анху) айткандай: «[Өлгөн адамдын үйүндө чогулууну жана ал үчүн дасторкон даярдоону – кошок кошуунун өкүмүндө карачу элек]» (Ибн Мажа: 1612; Ахмад: 6905. Сахих). Бирок, бир гана өтө жакын тууган болуп, барбай койсоң тууганчылыкты үзүп жатат деп ойлошсо гана – бул нерсенин өкүмү башка.

СУРОО. О, Шейх! Ал эми хадисчи? Ал сахихпи?

ЖООП. Бул хадис эмес.

Булак: 📀 «аль-Баб аль-Мафтух: 98-кассета».

Бул фетванын оригиналы (http://zadgroup.net/bnothemen/upload/ftawamp3/od_098_03.mp3)

@islamjolu

Telegram / FB / Ok / VK / Twitter / YouTube / Instagram

НЕТ КОММЕНТАРИЕВ