Боюнда бар аял жана эмизген аял орозо кармаса болобу?

Боюнда бар аял өзү үчүн же түйүлдүктөгү баласы үчүн чочуласа – орозо тутпай коюсу уруксатпы?

Шейх Ибн аль-Усеймин жооп берди:

Боюнда бар аял эки акыбалдын бирөөндө болот:

❶ Биринчиси – орозо тутуу ал аялга таасир этпейт, аны кыйнабайт жана баласына да зыян бербейт. Бул учурда аялга орозо тутуу парз болот, ооз ачуусу уруксат эмес.
❷ Экинчиси – баласынын оордугунан, өзүнүн денесинин алсыздыгынан ж.б. орозо ал аялга оор болот: Бул учурда ооз ачат. Өзгөчө баласына зыян жете турган болсо ооз ачуу ага милдет. Эгер оозун ачса — үзүр менен ооз ачкан калган адамдардай (М: оорулуу, мусапыр) болуп кийин казасын тутуп берет. Төрөгөн соң, нифас канынан тазалаары менен бул аял орозонун карыздарын тута баштоосу керек.
Бирок боюнда болуу үзүрү бүтөөр менен — көбүнчө ага баланы эмизүү үзүрү уланат. Эмизген аял тамакка, ичимдикке муктаж болуп калуусу ыктымал. Өзгөчө узун, ысык жай мезгилинде аял баласына сүт берүүгө күчү жетүүсү үчүн ооз ачууга муктаж болот. Бул учурда да ал оозун ачат. Качан үзүрү бүткөн соң карыз орозолорун кармай баштайт.

📚 “Фатава ас-Сыям”: 162.

👤 Автор тууралуу:

Шейх Мухаммад ибн Солих аль-’Усеймин (1929-2001, Унейза, Сауд Аравиясы) — факих, муфассир. Көптөгөн сабактардын, лекциялардын, шариат илимин изилдөө китептеринин автору. Үммөттүн заманбап чоң аалымдарынын көрүнүктүүсү.

© ИсламЖолу — жаңы баштоочуга

Share

You may also like...

Добавить комментарий