Саарлыкка турбай калса эмне болот? Орозо кармай берсе болобу?

Саарлыкка туруш сооптуу амал, бирок милдет эмес. Адам “Рамазанда орозо кармайм деп” айдын башында бир ниет кылса – айдын аягына чейин бул ниети жетиштүү. Ошондуктан, эгер адам, Рамазан айында уктап калып, саарлыкта турбай калган болсо – ойгоноор менен эч нерсе ичпестен-жебестен орозо кармап кете берет, орозосу туура болот.

Бул тууралуу заманбап уламаларынын көрүнүктүүлөрүнүн бири, фикх аалымы – Мухаммад ибн Солих аль-Усейминдин фетвасы.

СУРОО. Эртең менен саарлык ичпей калган адамдын орозосу кандай болот? Бирок ал 1 ай бою орозо тутам деп ниет кылган киши. Ар күнү эртең менен туруп, сөзсүз ниетти айтыш керекпи? Ансыз орозо кармоо болбойбу? Өзгөчө, уктап калып, саарлыкта ойгонбосо –кандай болот?

❗ЖООП. Шейх Ибн аль-Усеймин  رحمه الله жооп берди:

Саарлык кылуу – сүннөт амал. Эгер инсан саарлык ичкен болсо – бул жакшы. Пайгамбар (соллаллооху алейхи ва саллям) айткан: «Саарлык ичкиле. Чындыгында саарлыкта береке бар» (Бухари, Муслим). Эгер жебей калса деле эч нерсе болбойт.

Ниет маселесин келсек: Эгер бул Рамазан учурунда болсо – мусулман бул айды толугу менен тутам деп биринчи күндөн баштап эле ниеттенет эмеспи. Ошондуктан ар бир түнү ниетти жаңылап туруунун кажети жок. Бир гана, орозосу – сапар же оору себептүү үзүлүп калса, кийин кайтадан орозону улантууну кааласа – ошол улантууга ниет кылат. Ал эми сапардагы эмес, кадимкидей эле орозо тутуучу болсо – Рамазандын биринчи күнүн ниети бардык күндөрүнө жетиштүү.

Ошондуктан, [мисалы], Рамазанда бирөө асрдын убагында (кеч курун, бирок күн бата электе) уктап калса, анан, эртеси тээ багымдаттын убагы киргенде (таң атып калганда) гана ойгонсо – бул кишинин орозосу дурус (сахих) болот.

Булак : Нур ‘аля ад-дарб: 228-кассета

© ИсламЖолу – жаңы баштоочуга

https://www.facebook.com/islamjolu

Share

You may also like...

Добавить комментарий