Рамазан тууралуу аят жана анын түшүндүрмөсү

Орозо жана Рамазан тууралуу аят:

Аллах Таала айтты:
🔹 «Рамазан айы… Бул айда адамдарга — Туура Жол болуп, хидаят жана фуркандан турган анык далилдер катары — Куран түшүрүлдү.
Силерден кимде ким (ал) айды көрсө – орозо кармасын!
Ким оорулуу же сапарда болсо, башка күндөрдүн эсебинен
(тутуп берет).
Аллах силерге жеңилдикти каалайт, оор болуусун каалабайт.
Аллах каалайт –
(орозонун) саналуу күндөрүн толук кылууңарды жана силерди туура жолго салганы үчүн Аллахты даңазалашыңарды. Аллахка (көп-көп) шүгүр кылаарсыңар» 📚(Куран, аль-Бакара 2:185)

Рамазан тууралуу аяттын түшүндүрмөсү (тафсири):

🔹 Рамазандын бир артыкчылыгы – Ыйык Куран бул айда түшкөндүгү.    Куран — бул Аллах Тааланын сизге кайрылуусу. Куранды көп окуңуздар, ага ой жүгүртүңүздөр.

⚖ Эмне үчүн Куран түшүрүлдү? Адамдарга Хидаят (Туура Жол) жана Фуркан (акыйкат менен жалганды айырмалоо) үчүн. ‪‎Куран‬ — сиздин жашооңуздун эң биринчи мыйзамы болсун. Куранда айтылган Аллахтын даанышман сөздөрү – адамды бактылуулукка жетелейт.

Аллах Өз мээримдүүлүгү менен адамдардын кээ бир категорияларына – алардын акыбалын түшүнүп – ооз ачууга, б.а. орозо тутпоого уруксат берди. Алардын ичинде: сапарда жүргөн жана оорулуу киши. Боюнда бар жана эмизген аял‬ оорулуу кишинин мисалында болушуп – аларга да ооз ачууга уруксат. Мусапыр‬ сапарынан кайткан соң жана оорулуу сакайган соң – калтырган күндөрүн кийин кайта тутуп беришет.

🔹 Аллах бизге жеңилдик каалайт. “Жебеш-ичпеш керек” деп оор угулганы менен – чындыгында бул бизге эле жакшылык. Ыйманыбызга, сабырдуулугубузга, адеп-аклагыбызга жана ден-соолугубузга пайда.

🔹 Орозонун күндөрүн аягына чейин толук кылуу – милдет. «Рамазандын башында 3 күн, ортосунда 3 күн, аягында 3 күн орозо кармап койсо болот» деген сөз туура эмес. Рамазандын ар бир күнүн орозо тутуу милдет.

🔹Хидаят‬, ыйман, туура жол берген үчүн Аллахты улуктайлы, ага көп-көп шүгүр кылалы. Себеби кимди Аллах жакшы көрсө – ыйман берет, динин туура түшүнүүгө жардам берет. Ыйман жана туура жол – Аллахтын эң чоң белеги. Кимге булар берилсе – бул дүйнөнүн бактылуулугу жана Акыреттин түбөлүк бактылуулугу берилиптир!

© ИсламЖолу

https://t.me/islamjolu

Share

You may also like...

Добавить комментарий