Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: «Ким ыйман келтирип жана сооп үмүт этип — Рамазанда түнкү намаздарды окуса — мурдакы күнөөлөрү кечирилет» (Бухари, Муслим)
Хадистин маанисинде Шейх аль-Фаузан رحمه الله айтат:
Түнкү намаздар — Рамазан айында окулчу таравих намазы.
Ыйман келтирип — бул Шариатта айтылган ибадат экенине, Аллахка жаккан иш экенине ишенип. Бирөө үчүн эмес, эл көрсүн үчүн эмес. Бирок Аллах үчүн!
Сооп үмүт этип — ушул окуган таравих намаздарыма Аллах мага көп ажр-сыйлык берсе экен деп окуу керек.Мурдакы күнөөлөрү — кичи күнөөлөрү, былтыркы Рамазандан берки кичи күнөөлөрү же өмүрүнун башынан берки кичи күнөөлөрү кечирилет . Ал эми чоң күнөөлөр тообасыз кечирилбейт, алар үчүн тооба кылуу зарыл.
© ИсламЖолу
https://t.me/islamjolu
https://vk.com/islamjolu