Таравих намазынын сообу

Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: «Ким ыйман келтирип жана сооп үмүт этип — Рамазанда түнкү намаздарды окуса — мурдакы күнөөлөрү кечирилет» (Бухари, Муслим)

Хадистин маанисинде Шейх аль-Фаузан رحمه الله айтат:

Түнкү намаздар — Рамазан айында окулчу таравих намазы.

Ыйман келтирип — бул Шариатта айтылган ибадат экенине, Аллахка жаккан иш экенине ишенип. Бирөө үчүн эмес, эл көрсүн үчүн эмес. Бирок Аллах үчүн!
Сооп үмүт этип — ушул окуган таравих намаздарыма Аллах мага көп ажр-сыйлык берсе экен деп окуу керек.

Мурдакы күнөөлөрү — кичи күнөөлөрү, былтыркы Рамазандан берки кичи күнөөлөрү же өмүрүнун башынан берки кичи күнөөлөрү кечирилет . Ал эми чоң күнөөлөр тообасыз кечирилбейт, алар үчүн тооба кылуу зарыл.

© ИсламЖолу
https://t.me/islamjolu
https://vk.com/islamjolu

Share

You may also like...

Добавить комментарий