Эс алуучу жана андан эс алгандар

Күндөрдүн биринде Аллахтын элчисинин ﷺ жанынан өлгөн кишинин (жаназа) сөөгүн алып өтүштү, аны карап айтты :

“Эс алуучу жана андан эс алгандар”.
Алар сурашты:
— “О, Аллахтын элчиси “Эс алуучу жана андан эс алгандар” деген эмнени түшүндүрөт”?
Ал жооп берди:
“Момун пенде бул дүйнөнүн кыйынчылыгынан жана Аллахтын ага болгон сыноосунан эс алат, ал эми күнөөкөр пендеден, башка пенделер, өлкөлөр, дарактар жана жаныбарлар эс алышат”.
(Аль-Бухари, Муслим)

Бул таң калыштуу – кереметтүү хадисте, Пайгамбар (ага Аллахтын саламы жана салавыты болсун) өлгөн адамдарды эки топко бөлүп атап кетти, үчүнчү тобу жок:

1. Чынчыл – такыба адамдар: Алар бул дүйнөдөгү ар кандай кыйынчылыктардан, сыноолордон эс алышыт. Бул дүйнөдө жакшы амалдарды жазаган үчүн Аллахтын сыйлыгын алууга кетишет (Бейиш жана түбөлүк рахат).

2. Күнөөкөр – шариятты бузгандар: Мындайлардан башкалар эс алышат. Качан, андай адамдар өлгөндө башкалары сүйүнүшөт, эс алышат, ал тургай өлкөлөр, өсүмдүктөр жана жаныбарлар андай адамдардан эс алышат.

Бул хадисте, жакшылыктарды кылып жаман- күнөө амалдардан алыс болуу керектиги тууралу эскертилет.

О, Аллах, бизди эс алуучулардан кыл, башкаларга эс алуу тартуулай тургандардан кыла көрбө!

Колдонулган булактар:
Тасис аль-Ахкам Шарх «Умдат аль-Ахкам» Шейх Ахмад ибн Яхья ан-Нажми
Шарх «Умдат аль-Ахкам» Шейх Абдулла ибн Абдуррахим аль-Бухари
Тайсир аль-Аллям шарх Умдат аль-Ахкам» Шейх Абдулла ибн Абдуррахман ибн Аали Бассам.

© ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий