Кадыр Түн жуп түндөрү да болуп калышы ыктымал ?

Шейх Абдуллах аз-Зофири айтты:

💬 Аалымдар айтышат: «Адамдар ибадатта көп аракет кылуулары үчүн Аллах Таала Кадыр Түндү сыр кылып койду жана ал жыл сайын жылып турат. Туура сөз ушунда.»

Ал жыл сайын бир эле түнгө туш боло бербейт. Эң ыктымал деп күтүлгөнү – Рамазандын жыйырма жетинчи түнү. Бирок башка түндөрү деле болуп калышы мүмкүн, керек болсо акыркы он күндүктүн ЖУП түндөрү да боло алат.

Кээ бир адамдар бир гана так болгон – 21, 23, 25, 27, 29 түндөрү – намаз окушуп, бирок жуп түндөрү жалкоолук кылышат, аларды таштап коюшат. Албетте, бул туура эмес.

Ката экенин эки нерседен билсек болот:

❶ Хадисте “Аны акыркы он түндө издегиле” деп келет. Аалымдар айтышты: “Кадыр Түн жыл сайын жылып турат [дайым эле бир числодо боло бербейт], жана ал жуп түндөргө да туш келип калышы мүмкүн”. Жана бул далилдүү, күчтүү сөз.

❷ Кээде Рамазандын биринчи числосун аныктоодо өзүбүз бир күнгө адашып алуубуз ыктымал. Ошондо, биз так деп ойлогон түн – чындыгында жуп болуп чыга келет.

Ошондуктан мусулман пендеси бул он түндүн бардыгын намаз менен өткөзгөнү дурус.

🎙 Булак: http://miraath.net/

👤 Автор тууралуу кыска маалымат:
Шейх Абдуллах Ибн Сольфик аз-Зофирий – «Муавия ибн Абу Суфян» атындагы мечитинин имам-хатиби (Сауд Аравиясы). Сүннөткө чакырган белгилүү дааватчылардан, чоң аалымдардан окуган мыкты талабалардан. Расмий сайты: www.dafiri.com

© ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий