Аял акысы

Көрүнүктүү аалым Мухаммад Ибн Хади аль-Мадхали                                     (Аллах аны Өз коргоосуна алсын) айтты:

? “…Эркек, аялга жакшы мамиле кылып, ага жумшак болушу керек. Эгер аял ката кетирсе эркек аялды урбастан, ага сабыр кылып, анын кемкарчысын көтөрө билиши керек. Себеби, аял киши алсыз [болуп жаралган].

Бул жөнүндө Пайгамбар (солла Аллаху алейхи ва саллям) мындай деди: “Силердин араңардан бирөөңөр [күндүн башында] аялын, кулун ургандай кылып уруп, анан күндүн аягында [уялбастан кайра] аны менен төшөкө жатып, жыныстык мамиле кылат” (аль-Байхаки).

Аллах менен касам ичем, кантип аялы күйөсү менен төшөкө жаткысы келсин, эгер күйөөсү ага күндүзү жаман мамиле кылып койгон болсо!”

? Булак: “Пайгамбарлардын мурасы” радиосу
[http://miraath.net/articles.php?cat=11&id=2395]

? Автор тууралуу:
Др. Мухаммад ибн Хади аль-Мадхали (1958-ж. туулган, Сауд Аравиясы)
1988-ж. – Сауд Аравиясындагы Имам Ислам университетин аяктайт
1993-ж. – Медина шаарындагы Эл аралык Ислам университетинин магистратурасын эң мыкты деген баа менен аяктайт.
2006-ж. – докторлук даражаны эң мыкты деген таризде жактайт.
Шейх өз учурундагы белгилүү Ахлю-с-Суннанын аалымдарын таалим алган. Алардын ичинде Муфтий Ибн Баз, Ахмад ан-Нажмий, Зейд аль-Мадхали, Хаммад аль-Ансарий ж.б.
Шейх көптөгөн китептердин жана илимий иштердин автору. Бүгүнкү күнгө чейин даават жана сабак берүү жаатында эмгектенет.
Расмий баракчасы: @mohamedmadkhali (Твиттер), www.miraath.net (веб-сайт)
© ИсламЖолу

Share

You may also like...

1 Response

  1. айсулуу:

    саламатсызбы, мен жолдошума окугум келип турганын айтсам. макул болбой жатат. иштетпейм дейт.

Добавить комментарий