Ит жылы ? жана гороскоп ✨ тууралуу

Аллах айтат: «… ал нерселер силер жана ата-бабаңар атап алган ысымдардан бөлөк эч нерсе эмес. Аллах ал тууралуу эч далил түшүргөн эмес. Өкүм жалгыз Аллахка гана таандык: Ал жалгыз Өзүнө гана ибадат кылууңарга буюрат. Ушул гана эң туура дин. Бирок (муну) көпчүлүк адамдар билишпейт!» (Куран, Йусуф 12:40)

Жылдыздардын жаралуу максаты

✨ “Сахих” Бухариде келтирилет, Катада айтты:

«Аллах Таала бул жылдыздарды үч нерсе үчүн гана жараткан:
1⃣ асмандын кооздугу үчүн,
2⃣ шайтандарды уруу үчүн жана
3⃣ мусапырларга сапарында белги болуулары үчүн.
Ким бул үч нерседен башка нерсе үчүн жылдыздар жаралган деп эсептесе – ката кетирген болот, [диндеги] өз насибин жоготкон болот жана илими болбогон нерсеге киришкен болот» ? (Бухари: 614, муъалляк)

 

Гороскоп илимин үйрөнүү — сыйкырдуу үйрөнүүгө барабар

Пайгамбар (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) айтты:
«Ким жылдыз илиминин бир бөлүгүн үйрөнсө — сыйкырчылыктын бир бөлүгүн үйрөнүптүр. Канча көп үйрөнсө — ошончо көп сыйкырчылык үйрөнүптүр» ? (Абу Дауд: 3905)

 

Гороскоп жана астроЛогияга ишенген адам Бейишке кирбейт

? Абу Мусадан риваят, Пайгамбар (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) айтты:
Үч адам Бейишке кирбейт: аракеч адам, туугандык мамилелерди үзгөн киши жана сыйкырга (жылдыздар аркылуу ачылган төлгөгө) ишенген адам” ? (Ахмад: 4/399; Ибн Хиббан: 1380, 1381)

 

Ким гороскопту окуп эле койсо — кырк күн намазы кабыл болбойт, ал эми ким ага чын эле ишенсе — динден чыгат

⚡️ Пайгамбар ﷺ айтты: «Ким төлгөчүгө келип бир нерсе сураса – андан кырк күн намазы кабыл болбойт» (Муслим: 2230)

? Абу Хурайра риваят кылат, Пайгамбар ﷺ айтты: «Кимде ким көзү ачыкка барып, ал айтканга ишенсе – ал киши Мухаммедке түшүрүлгөн нерсеге каапырлык кылыптыр» (Абу Дауд: 3904).

 

АстроНомия менен АстроЛогиянын айырмасы

? Шейх Ибн Усеймин айтты:
«Жылдыз илими 2 түрлүү болот:
1⃣ — Тасййир (астроНомия) — бул уруксат: асман телолору аркылуу убакытты жана багытты аныктоо. Кээде бул илимди билиш парз болот. М: намаздын убактысы киргенде кыбыланы аныкташ үчүн жылдыз, күн жана ай аркылуу багытты аныктоо үчүн.
2⃣- Та’сиир (астроЛогия) — бул арам, уруксат эмес: жылдыздардын баланча болуп жайгашуусу жердеги окуяларга таасири бар деп ишенүү. Бул жалган ишеним».

? (Шарх Китаб ат-Таухид)

 

Аллах жана Анын Пайгамбарына ﷺ ишенген мусулмандарга кайрылуу!

Азыр кээ бир адамдар гороскопко дагы деле ишенип, андан таасирленип «Ит жылы мындай экен», «Эгездер тигинтиш керек экен», «Чаяндар Таразалар менен үйлөнсө жакшы болот экен» деп айтышат.

 

Ит жылы деген нерсе жок. Маймыл жылы, Чычкан жылы ж.б. нерселер бул жалган, адамдар өзүлөрү эле ойлоп тапкан ырым жырым нерсе.

Аллах айтат: «… ал нерселер силер жана ата-бабаңар атап алган ысымдардан бөлөк эч нерсе эмес. Аллах ал тууралуу эч далил түшүргөн эмес. Өкүм жалгыз Аллахка гана таандык: Ал жалгыз Өзүнө гана ибадат кылууңарга буюрат. Ушул гана эң туура дин. Бирок (муну) көпчүлүк адамдар билишпейт!» (Куран, Йусуф 12:40)

Жылдыздар менен төлгө айтуу, келечекти билүү — жалган нерсе! Жана буга ишенүү — Аллах Таалага ишенүүгө каршы келет!

Жогоруда айтылгандай Аллах жылдыздарды адамдардын тагдырына таасир берсин деп жаратПаптыр.

Гороскоп, астроЛогия ж.б. мындай жөнү жок, ырым-жырым жаман нерселерге ишенүүдөн сак бололу!

© ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий