⚡ Аллах Таала аракты арам кылган Курандагы аят: «Чынында, арак, кумарпоздук, сыйынуу үчүн орнотулган буттар жана «азлам» (пал ачуу) шайтандын иштеринен болгон ыпластык! Андан алыс болгула, силер ийгиликке жетээрсиңер» (Куран, аль-Маида 90-аят)
⚡ Аллах Аракка 10 каргыш түшүрдү: аны жасаганга, аны ташыганга, аны сатканга, аны куйганга, аны ичкенге…
⚡ Ичимдик бар жерде балээнин баары болот.
⚡Арак күнөө’лөрдүн энеси. Ичкен соң уят кетет, жаман иштерди кылуу жеңил болуп калат. Көп тагдырды шайтан арак аркылуу бузду.
? Эң чоң күнөөлөр — ширк, төлгөчүлүк кылуу, киши өлтүрүү, арак ичүү, зына…
? Пайгамбар алейхис соляту вас салам айтты: «Арактан сактангыла, анткени арак бардык жамандыктын башаты.» (Насаий, Ашриба-44)
? Пайгамбар айтты ﷺ: «Алла аракты, аны ичкенди, ичиргенди, сатканды, сатып алганды, жасаганды, жасатканды, ташыганды, ташытканды, акчасын алганды каргыштады» (хадис, Абу Дауд)
? Аракты ичкен да, арак коюлган жерге отурган да каргышталат, б.а. жашоосунан береке кетип, жакшылыктар келбей, жакшылык келсе да ал көпкө турбай калат. Пайгамбар алейхиссоляту вассалям айтты: «Аллах жана Акырет Күнүнө ыйман келтирген адам — ичимдик ичилген дасторконго отурбасын!» (Ахмад 3/339, аль-Хаким 4/288)
⌛ Арак уятты жоготот, досторду жоготот, үй-бүлөнү жоготот, акчаны жоготот, авторитетти жоготот… баарын жоготот, бир гана проблемаларды жогото албайт.
© ИсламЖолу