Ата-эне жана аларды сыйлоо ? Шейх Абдурразак аль-Бадр ?

Шейх Абдурразак аль-Бадр ата-энени сыйлоо тууралуу айтты:

Ата-энени урматтоо, алардын акыларын берүү, аларга жакшылык кылуу шарият талап кылган чоң талаптардан. Бул нерсе, ислам дини – милдеттерди аткаруу дини экенине далил.

Кээ бир мусулмандардын балдары ата-энелерине болгон урмат-сыйын көрушүп, көптөгөн жашы улгайып калган башка диндегилер исламды кабыл кылып жатышат. Алар бул дин милдеттерди аткаруу дини экенин билишет. Исламда укуктар кордолбойт.

Курсагында көтөрүп, эмизип, уйку жок тундөрдү өткөрүп, тарбиялап жана башка жакшылыктарды кылып кыйналган эненин акысы эч качан кордолбойт. Шарият эненин акысын коргоо үчүн, анын камын көрүү үчүн келген.

Эненин акысы, аны урматоо — башка бардык адамдарды урматтоодон биринчи турат.

Ата-энени сыйлоо тууралуу хадис

Бир адам келип Пайгамбарыбыздан (саллАллаху алейхи уа саллам) сурайт: “Жакшылык кылуума эң акылуу адам ким” – деп сураганда, “Энең”-деп жооп берди. “Андан кийин ким” — деп сурады, “Энең”-деп жооп берди. “Андан кийин ким” — деп сурады, “Энең”-деп жооп берди. “Андан кийин ким” — деп сурады, “Атаң”-деп жооп берди. ? (Муслим: 2548)

Энени үч жолу эскерди. Аалымдар: “Бул — энеге тиешелүү болгон чоң маселелер бар экендигине ишарат” — деп айтышкан. Бул нерсе атада ж.б. адамдарда жок. Ал нерсе: курсагында көтөрүп кыйналганы, төрөттөгү кыйналуусу жана эмизүүдөгү кыйналуусу. Энеге болгон жакшылык кылууну бир нече жолу кайталады.

Имам Аль-Бухари “Адаб Аль-Муфрад” аттуу китеп жазат. Ал китепте шарият аклагын, ислам адептерин аябай кенен баяндайт. Ал китеп өзүнө хадистерди, далилдерди, асарларды (сахабалардын сөздөрүн) камтыйт. Ошол китептин эң эле биринчи бөлүмү “Ата-энени сыйлоо” — деп аталат. Жана эң эле биринчи хадис катары “Жакшылык кылуума эң акылуу адам ким?” деген хадисти келтирген.

Имам Бухари (Аллах ырайымына алсын) мындай кылуусу менен, “ушул китепте айтылган адеп-аклактарды биз иш жүзүндө көрсөтүүгө эң акылуу адам – бул ата-энебиз” деп айткысы келгендей.

Ата-энени сыйлоо’го каршы келген көрүнүштөр

? Досторунун, тааныштарынын арасында жүргөндө өзүн көптөгөн жакшы адептер менен кооздойт, ал эми ата-энесинин жанына келгенде бирин да көрбөйсүң. Баягы адеп-аклагын жоготот. Бир досуна сөз баштаарда “Сизден өтүнөм”, ”Кош келиңиз” деген сөздөрдү айтуу менен баштайт. Ал сөздөрү менен аны сыйлайт экенин, урматтайт экенин, сүйүүсүн көргөзгүсү келет. Ал эми апасына сөзүн дароо корс баштайт. Эч бир жакшы сөздөрдү айтуусуз.

? Кээ бирлери ата-энесине өздөрүнүн жумушчуларына кылгандай мамиле кылышат. Жинденишет, үндөрүн көтөрүшөт, кыйкырышат.

Ата-энени урматтоо тууралуу Курандан аяттар

Ал эми шарият ушул акыларды коргоо үчүн, кам көрүү үчүн келген. Ошол үчүн Куранда ата-энени урматоого үндөгөн көп аяттар келген. Шариат бул ата-эне укугун коргоого келген. Ата-энеге ихсан кылуу тууралуу Куранда аяттар аябай көп келген.

Ата-энеңерге жакшылык кылгыла!” (Куран 17:23)

Ал кандай жакшылыктар? Бүткүл жакшылыктар. Жакшылык кылуу талап кылынган, бирок эч бир нерсе менен шартталган эмес. Мейли ал сөз менен, кыймыл менен же башка нерселер менен болсун, бүткүл жакшылыкты камтыйт. Ата-энеге колдон келген бардык жакшылыктарды кылууну – шарият талап кылат, буюрат. Ата-энени урматтоого үндөгөн аяттар өтө көп.

Ата-энеге урмат көрсөтүүнүн жолдору

Урмат-сый көргөзүүгө жардам бере турган нерселер көп. Бирок, эң башкысы экөө.

Биринчиси: адам өткөн күндөрүн дайыма эстеп жүрүүсү, ата-энеси ага мурда кылган жакшылыктарын унутпоосу, эстеп жүрүүсү.

Кээ бир балдар ата-энесии алар талап кылган нерселерин бербей коюшса, кылынып келген бүт жакшылыктарды унутушат, ата-энесине жаман мамиле кыла башташат. Талабын орундашпай коюшкандары үчүн – алар менен болгон мамилесин бузат. Мүмкүн ата-энеси ага өзүнүн эле пайдасы үчүн эле ал нерсесин берүүдөн баш тартышкан чыгаар.

Эгер адам өткөн жакшылыктарга жеңил караса — мамилелер бузулат. Ошол үчүн ата-энени урматтоого эң негизги нерсе болуп, өткөн жакшылыктарын эстөө кирет. Тогуз ай боюнда кыйналып көтөргөнүн, төрөт маалындагы кыйналгандарын, эмизүүсүн, денеси ооруп-алсыздашын, ден-соолугунун алсыздашын эстөө керек. Эмизүүдө кетирген күчүн, ден-соолугун эстеши керек. Андан кийин ата-энесине урмат-сый көргөзө турган убак келгенде аталган нерселерди пенде эстесе Аллахтын жардамы менен ата-энени урматтоого түрткү болот.

Экинчиден Кыяматтагы суракты, Аллахтын алдына барууну эстеп жүрүү керек. Аллах Таала ата-эне акысын сурайт. Ал эми ал – эң улук акылардан эмеспи!

Пенделердин эң бийик акылары – ата-эненин акысы. Аллах Таала көптөгөн аяттарда Өзүнүн акысы менен бирге ата-эненин акысын баяндайт. Кыямат күнү пенде ата-энесине кылган бүт мамилеси тууралуу суралат. Аларга кандай мамиле кылгандыгы тууралуу пенде Аллах алдында суралат.

Чындыгында ата-энени урматоого түрткү берүүчү маселелер көп, бирок ушулар эң негизгилери.

MP3 форматында көчүрүп алуу (3 мб)

 

 

Макаланы видео форматта көрүү

 

 

 

 

? Шейх Абдурраззак ибн Абдульмухсин Аль-Бадр
? Сауд Аравиянын Рияд облусунун Аз-Зульфи
шаарынды туулган.
?Акыйда илиминин доктору.
?Пайгамбарыбыздын (соллаллаху алейхи уа саллам) мечитинде
? жана Медина Ислам Университетинде сабак берип келет.

Шейх Абдурразак аль-Бадрдын устаздары ким?

Өз атасы шейх Абдульмухсин Аль-Аббад Аль-Бадр
Эң залкар аалым шейх Абдульазиз ибн Баз
Эң залкар аалым шейх Мухаммад ибн Салих Аль-Усаймин
шейх Али ибн Насыр Аль-Факыхи
шейх Аль-Альбани ж.б.

Share

You may also like...

Добавить комментарий