Гусул кантип алынат? — Шейх Ибн аль-Усеймин

Шейх Ибн аль-Усеймин — Жунуптуктан гусул алуунун эки түрү

(жыныстык катнаштан кийин, тазалануу ниетинде жуунуу)

══════ ❁✿❁ ══════
1-түрү
══════ ❁✿❁ ══════

1⃣ Адам жыныс мүчөсүн жууйт жана [чыккан суюктуктардан] булганган жерлер жууйт.

2⃣ Андан соң намазга алынчудай даарат алат. Толук даарат. [Ал даарат мындай]:

?Ооз-мурун чайгалган соң, бетин жууйт.
?Эки колун чыканакка чейин жууйт;
?Башына жана кулактарына масх тартат;
?Анан бутун кызыл ашыкка чейин жууйт.

3⃣ Андан кийин чачтарынын түптөрү ным болгуча башына суу куят, мейли чачтары коюу болсо да. Андан кийин башына үч жолу суу куят.

4⃣ Анан бүткүл денесин жууйт.

Мына ушундай [гусул алуунун сүрөттөлүшүн] Пагамбарыбыздан ﷺ бизге Аиша (Аллах андан ыраазы болсун) айтып берген.

══════ ❁✿❁ ══════
2-түрү
══════ ❁✿❁ ══════

Ал эми Маймунадан (Аллах андан ыраазы болсун) айтылган риваятта бир аз айырмалар бар.

1⃣ Ал ﷺ жыныс мүчөсүн жана [чыккан суюктуктардан] булганган жерлерин жууп,

2⃣ андан кийин жуулган нерселерден [колун] тазалоо үчүн колун жерге же дубалга бир же эки жолу уруп койчу. Анан [кайта] колун жууйт.

3⃣ андан кийин ооз-мурдун чайкап,

4⃣ андан кийин бетин жуучу.

5⃣ Андан кийин колдорун билекке чейин жууп,

6⃣ андан кийин башын толугу менен жуучу. Бирок бутун жуучу эмес.

7⃣ Андан кийин бүт денесине суу куйчу.

8⃣ Анан бутун [аягында] башка жерде жуучу.

Ушуну момундардын энеси Маймуна (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылды.

 

? Адам үчүн ушул эки сүрөттөлүштү тең [алмак-салмак] аткаруусуу абзел, б.а. кээде Айшадан (Аллах андан ыраазы болсун) келген хадиске ылайык гусул алуу, кээде Маймунадан (Аллах андан ыраазы болсун) келген хадиске ылайык гусл алуу — эки сүннөтү тең аткаруучу болушу үчүн.

❕Ал эми эгер адам бир түрүн эле билип, ошону дайым карманса – бул нерседе эч жамандык жок.

Ал эми ийгиликти берүүчү – Аллах Өзү!
© ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий