Жума күнү тууралуу эң ажайып хадис

Аус бин Аус айтат Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) айтты:

? “Ким Жума күнү жуунтса жана өзү жуунса, эртелетсе жана өзү эртелесе, унаа минбей жөө барса, имамга жакындап кулак төшөп укса, алаксыбай отурса – ар бир кадамына 1 жылдык орозонун жана түнкү намаздын сообу берилет

? (Бул хадисти риваят кылгандар Абу Дауд, Тирмизи, Ибн Хиббан ж.б. Шейх Албани хадисти сахих дейт “Сахих аль-Жамиъ”: 6405)

 

? Аль-Мубаракфури бул хадистин түшүндүрмөсүндө айтат:

«Жуунтса (гассала) – өзүнүн башын жууса (өзгөчө эскергендигинин себеби ал кезде элдердин чачы узун жана калың болот эле) же аялын жуунтса. Аялына жыныстык мамиле кылып аялына гусул важиб кылдырат жана өзү да гусул алат (игтасала). Дагы айтышат жууса жана жуунса мааниси бирдей, кайталоо ирээтинде айтылды деп.

Эртелетсе (баккара) – эң алгач убактысында чыкса. Эртелесе (ибтакара) – хутбанын башына жетишип калса. Дагы айтышты экөөнүн мааниси бирдей, кайталоо ирээтинде чечендик үчүн айтылды деп»

? (“Тухфату-ль-Ахвазий шарх Жамиъ ат-Тирмизий”)
______
Жума күнүнүн пазилети тууралуу бир гана ушул хадис келгенде момун мусулманга жетиштүү болот эле! Бирок мындан тышкары канча деген хадистер бар!

© ИсламЖолу

Share

You may also like...