? Кантип сабырдуу болуш керек?
! Сабырдуу болуу менен…
Инсанга турмушунда ар кандай кыйынчылык жетет.
Бул дүйнө өзү сыноо эмеспи. Даават кылып жаткан кишисинен, үй-бүлөсүнөн же башкалардан машакат чегиши мүмкүн.
Окуусунда, жумушунда, тууган-достору менен болгон мамилесинде ар кандай кыйынчылыктарды көрөт. Бул учурда ага милдет болгон нерсе — сабыр кылуу жана Аллахтан сооп үмүт кылуу.
? Сабырды бир гана дүйнө ишинде эле эмес, ибадат жолунда да көрсөтүү зарыл. Бул биринчи кезекте.
? Аллахка ыйман келтирүүдө, Аллах алдындагы милдеттерин аткарууда, Аллах арам деген нерселерди таштоодо, башкаларды Аллахка чакырууда, илим үйрөтүүдө, жакшылыкка чакырып жамандыктан кайтарууда сабыр кылат.
Ушул иштердин баарында сабырдуу бол!
Кошумча окуу: Сабырдын 4-даражасы. Сиз кайсынысындасыз?
? Себеби диндеги бардык нерсе сабырга муктаж. Жалгыз Аллахка чакырууга сабыр керек, намаз окууга, зекет чыгарууга, орозо тутууга, Аллах койгон чектен чыкпоого, жакшылыкка буюруп жамандыктан кайтарууга сабыр керек, арам менен күнөөлөрдү кылбоого жана аларга жакындабоого сабыр керек.
? Эгер инсан сабыр кылбаса – Аллах арам кылган нерсеге кирип кетет же Аллах ага милдет кылган нерсени таштап коет.
Ошондуктан Аллах Өз пайгамбарына айтты “Бекем ниеттүү элчилер сабыр кылгандай сабыр кыл” (Куран 46:35),
“Аллахтын өкүмүнө сабыр кыл, себеби сен Биздин назарыбыздын алдындасың” (Куран 52:48),
“Сабыр кылгын, сенин сабырың бир гана Аллахтын жардамы менен” (Куран 16:127)
“Чындыгында сабырдуулар сыйлыктарын эсепсиз толук алышат” (Куран 39:10)
б.а. Аллахка баш ийүүдө, күнөөлөрдү таштоодо сабырдуу болгула, Анын буйруктарына каршы чыгуудан, тыюуларына кирип кетүүдөн сак болгула.
Эми,
❓Кантип сабырдуу болуш керек?
Канткенде сабырдуу боло алам? деген маселе бар. Шариат сунуштаган бир нече жолдору булар:
1⃣ Сабырдуулук — сабырдуу болуу менен келет.
Кызыктай угулушу мүмкүн, бирок ушундай. Кантип?
Сабыр кылууга бекем ниет кылып, ошого өзүн тарбияласа.
Хадисте Пайгамбар (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) айтты делет: «Ким абийр-намысын (ъиффа) сактайм десе Аллах анын абийр-намысын сактайт, ким башкаларга муктаж болбой өз алдынча болсо Аллах аны башкаларга муктаж кылбайт, ким сабырдуу болгонго аракеттенсе Аллах аны сабырдуу кылат. Эч ким сабырдан да жакшыраак жана байыраак белек алган эмес.» ? (Бухари, Муслим)
2⃣ Аллах менен дайым байланышта болуу
Намаз окуп, көп зикр кылып (өзгөчө намаздан кийинки тасбихтерди айтып) ошол аркылуу келген сыноо менен күрөшүү — ошол мусыйбаттарды жеңүүнүн бирден бир жолу:
«Алардын сөздөрүнө сабырдуу бол!
Жана күн чыкканга чейин жана (күн) батаардан мурун Раббиңди даңктап тасбих айт!
Дагы түндүн бир бөлүгүндө, саждалардын артынан (б.а. намаз бүткөн сон) Ага тасбих айт!» (Куран 50:39-40),
«Аллахтан жардамды сабыр жана намаз аркылуу сурагыла. Чындыгында Аллах сабырдуулар менен бирге (аларга жардам берет)!» (Куран 2:153)
Кошумча окуу: Башка түшкөн балээ — азаппы же сынообу? (Муфтий шейх Ибн Баз)
3⃣ Тагдырга ыйман келтирүү
Жашоодо болуп жаткан ар бир нерсе Аллахтын гана буйругу менен болуп жатканына толук ишенүү керек. Бардык нерсе тагдырдын негизинде. Эгер Аллах кааласа ал нерсе болбойт эле, бирок бир даанышмандыктын, силерге үйрөтө турган сабактын артынан ушул нерсенин болушуна уруксат берди.
Аллах Таала айтты: «Жердеги жана өзүңөрдөгү ар бир апаат-кырсык, Биз аны болтурганыбызга чейин эле (Лавхул-Махфуз деген тагдыр) китепте жазылып калган.
Бул Аллах үчүн жеңил. (Мал-дүйнө, ден-соолук ж.б.) нерселер силерден кеткени себептүү капаланбашыңар үчүн жана силерге келген нерсеге сүйүнүп-көөп кетпешиңер үчүн (Аллах бардыгын мурдатан жазып койгон). Аллах ар бир текебер-мактанчаакты сүйбөйт.» (Куран 57:22-23)
Кошумча окуу: Сабыр кылуу — ыймандан (Таухид Китебинин «Тагдырга сабыр кылуу — ыймандан» бөлүгү)
4⃣ Сабыр үчүн бериле турган ажр-сооптун улуулугун элестетүү.
Куран-хадистерде бул тууралуу көп баяндалган.
Аллах Таала айтат: «Чындыгында сабырдуулар сообун эсепсиз толук алышат» (Куран 39:10).
Хадисте келгендей Аллах сүйгөн пендесине сыноо берип, сабыры үчүн көп-көп күнөөлөрүн кечирип, көп-көп сооп жазат.
Анас ибн Малик Пайгамбарыбыздан ﷺ риваят кылат: «Аллах Өз пендесине жакшылык кааласа –жазаны ал үчүн эртелетип, бул дүйнөдөн берет. Ал эми Өз пендесине жамандык кааласа – күнөөсүнүн жазасын Кыямат Күнүнө калтырып, [ошол күнү] толугу менен берет» ? (Тирмизи: 2398, шейх Альбани хадисти сахих деди).
ж.б. көптөгөн аяттар жана хадистер. Курандын өзүндө эле сабыр тууралуу 90 го жакын аят бар!
Ошондуктан пайгамбарлар эң көп кыйынчылыктарга дуушар болушкан, Аллах аларды сүйгөндүктөн сыноо аркылуу даражаларын дүйнө-акыретте бийик кылган.
Сабыр кылган киши сөзсүз жеңет, ал эми сабыр кылбаган киши дүйнө-акыретте банкрот болот. Аср сүрөсү буга далил.
валлаху аълам!
валь-хамду лилляхи раббиль-ъааламиин!
© ИсламЖолу