Сыйкырдан сактануу’нун 9 себеби

❓ СУРОО. Сыйкырдан сактануу үчүн Шариатта кандай жолдор бар?

❗️ ЖООП. Шейх Абдулазиз ибн Баз (рахимахуллооху) айтты:

1️⃣ • Аллах Тааладан ар балээден сакта, саламаттык бер деп сурануу;

2️⃣ • Аллахтын толук сөздөрү аркылуу Ал жараткан бардык макулуктардын жамандыгынан коргонуу;

3️⃣ • ≼Бисмилляхи-Ллязии ляя йадурру маъа-смихи шайун филь-арды ва ляя фис-самаа’и ва хува-С-самииъу-ль-Ъалиим≽ (Аллахтын аты менен. Анын аты менен асман-жерде эч нерсе зыян тийгизбейт. Ал — Угуучу, Билүүчү) деп эртең менен жана кечинде үч ирет айтып жүрүү. Ким ушул дуаны үч жолу кайталаса эч нерсе ага зыян бербейт деп Пайгамбар ﷺ айткан ? {Тирмизи: 3388};

4️⃣ • Ошондой эле Пайгамбар ﷺ айтты: “Ким кайсыл бир жерге токтогондо, ≼Аъуузу би-кялимаати-Лляяхи-т-тааммаати мин шарри ма холак≽ (Мен Аллахтын толук сөздөрү аркыуу Анын жараткан нерселеринин жамандыгынан мени сактоосун сурайм) десе — ошол жерден кетмейинче ага эч нерсе зыян бербейт” ? {Муслим: 2708}. Ушул дуа да эртели-кеч үч жолудан айтылуусу керек;

5️⃣ • Ар бир намаздын артынан жана жатаарда Аят аль-Курсий окулат;

6️⃣ • Саламаттыктын себептеринин дагы бирөө “Ихляс”, “Фалак”, “Нас” сүрөлөрүн багымдат менен шамдан кийин үч жолудан окуу, ал эми калган намаздардан кийин бир жолудан окуу;

7️⃣ • Булардан тышкары көп зикр кылуу, Аллахтын китебин көп окуу, Аллахтан ар бир жамандыгы бар нерседен сени сактоосун тилөө;

8️⃣ • Аман болуунун себептери’не бул дуаларды окуу да кирет: ≼Аъуузу би-кялимаати-Ллаахи-т-тааммаати мин кулли шайтоонин ва хаамматин ва мин кулли ъайнин лаамматин≽ (Мен Аллахтын толук сөздөрү менен мени ушул нерселерден сактоосун сурайм: ар бир шайтандан, уусу бар жылан-чаян курт-кумурскадан, ар бир суук жаман көздөн) ? {Бухари: 3371};

9️⃣ • ≼Аъуузу би-кялимаати-Ллаахи-т-тааммаати-ллятии ляя йужаавизухунна баррун ва ляя фаажирун мин шарри маа холяко ва баро’а ва заро’а, ва мин шарри маа йанзилю мина-с-самаа’и ва мин шарри маа йаъружу фиихаа, ва мин шарри маа заро’а филь-арды ва мин шарри маа йахружу минхаа, ва мин шарри фитани-ллейли ван-нахаари, ва мин шарри кулли тоорикын илляя тоорикон йатруку би-хойрин, йаа Рохмаан≽ (Мен Аллахтын толук сөздөрү менен мени ушул нерселерден сактоосун сурайм, Анын сөздөрүнүн үстүнөн такыба адам да, күнөөкөр да өтө албайт: Ал жараткан жана жасаган макулуктардын жамандыгынан, асмандан түшкөн жана асманга көтөрүлгөн нерселердин жамандыгынан, жерге ичинде жараткан жана жерден чыккан нерселердин жамандыгынан, түн менен күндүн фитнасынан, түндө келүүчү нерселердин жамандыгын, бир гана жакшылык менен келе турган болсо мейли, о, Рахман) ? {Ахмад: 15461, Ибн ас-Сунни: 637. Шейх аль-Альбани «Сильсиля аль-Ахадис ас-Сахиха»: 7/196, жана Шейх аль-Арнаут хадисти сахих дешти}.

? Мына ушул дуалар (таъаввузат) аркылуу Аллах пендени жамандыктан сактайт.

◉ ——————————————-

? Булак: Шейх Ибн Баздын расмий сайты

 

Шейх Ибн Баздын жогорудагы сыйкырдан сактануу фетвасындагы дуа-зикрлердин арабча жазылышы:

بِسْمِ اللَّهِ الَّذِي لَا يَضُرُّ مَعَ اسْمِهِ شَيْءٌ فِي الْأَرْضِ وَلَا فِي السَّمَاءِ وَهُوَ السَّمِيعُ الْعَلِيمُ

أَعُوذُ بِكَلِماتِ اللَّهِ التَّامَّةِ، مِنْ كُلِّ شَيْطَانٍ وَهَامَّةٍ، وَمِنْ كُلِّ عَيْنٍ لَامَّةٍ

أعُوذُ بِكَلِمَـاتِ اللـهِ التَّامَّاتِ، الَّتِي لا يُجَاوِزُهُنَّ بَرٌّ وَلَا فَاجِرٌ مِنْ شَرِّ مَا خَلَقَ، وبَرَأَ وذَرَأ، وَمِنْ شَرِّ مَا يَنْزِلُ مِنَ السَّمَاءِ، وَمِنْ شَرِّ مَا يَعْرُجُ فِيهَا، وَمِنْ شَرِّ مَا ذَرَأَ فِي الأرْضِ، وَمِنْ شَرِّ مَا يَخْرُجُ مِنْهَا، وَمِنْ شَرِّ فِتَنِ اللَّيْلِ والنَّهَارِ، ومِنْ شَرِّ كُلِّ طَارِقٍ إلاَّ طَارِقاً يَطْرُقُ بِخَيْرٍ يَارَحْمـنُ

 

@islamjolu
Telegram / FB / VK / Ok / Twitter

Share

You may also like...