Дос тандоо жөнүндө

Шейх ибн Бааз (Аллах аны Өз ырайымына алсын) айтты:

Адамдардын жаман жоро- жолдоштон алыс болуусу керек. Себеби жаман дос күтсөң ал сени курутат, ал эми жакшы дос күтсөң ал сени жакшылыкка түртөт. Мындай эрежени ар бир момун мусулман карманып, жаман достон алыстап жакшы дос күткөнү дурус.

Ошондой эле аялзатына да айтаарым, ошол жаман курбулардан алыстап жакшы курбулар менен мамиле кылууга умтулуу керек. Жана жалпыңарга насаат бергим келет, бири-бириңерди сыйлоого, туура жолго үндөөгө, чындыкты жеткирүүгө жана такыбачылыкта көмөктөшүүгө. Себеби Аллах Таала Куранда айтат:

Ырайымдуу, Мээримдүү Аллаhтын ысымы менен! 1. Асырга ант! 2. Албетте, (ар бир) инсан зыянда! 3. Ал эми, ыйман келтирген, салих (сооп) амалдарды жасаган жана бири-бирине акыйкаттык менен сабырдуулукту осуят (насаат) кылгандар гана (зыянда эмес). (Аср сүрөөсү)

Көпчүлүк жатка билген бул кыска сүрөөдө өтө чоң эреже жатат. Аллах Таала бул сүрөдө келген (илим, амал, даават,сабыр) төрт нерседе чоң пайда бар экенин айтып жатат. Ал эми, ыйман келтирген, салих (сооп) амалдарды жасаган жана бири-бирине акыйкаттык менен сабырдуулукту осуят (насаат) кылгандар гана (зыянда эмес). Бул жогоруда айтылган төрт сыпатка чыныгы момун мусулмандар ээ болот. Анткени алар Аллахка жана анын Пайгамбарына (алейхис солату уас салаам) ыйман келтирет, таухид илимин жакшы өздөштүрөт, ибадаттарына ыкластуу болушат, жакшылыкка чакырышып жамандыктан кайтарышат, күнөө иштеринен алыс болушуп жана кыйынчылыкка сабыр кылышат. Мына ушундай дос күтүү өтө жакшы .

Ошол үчүн жогоруда айтылган сыпаттарга кайсыл жерде болбосун мейли үйдөбү, же сапардабы, чөлдөбү, же суудабы бири-бирибизге насаат кылып Аллах Таалага жана Пайгамбарыбыздын (алейхис солату уас салаам) жолуна чакырып туруубуз керек. Пайгамбарыбыз (алейхис солату уас салаам) өзүнүн бир хадисинде мындай дейт: “ Кимге Аллах Таала жакшылык кааласа, ага динден туура түшүнүк берет”. Андыктан кайра бир ирет насаат кылам, Аллахтын Китебин жана Пайгамбарыбыздын (алейхис солату уас салаам) сүннөтүнө бекем карманууга жана анын сахабаларынын жолун жолдоого.

© ИсламЖолу

 

Share

You may also like...

Добавить комментарий