Бош убакытта футбол көрүү болобу?

Бүгункү күндөгү эң залкар ахли-сунна аалымы Шейх Солих Аль-Фаузан

(Аллах аны Өз коргоосуна алсын )

 

Суроо: Сыналгыдан берилген футбол боюнча оюндарды көрүүнүн шарияттагы өкүмү кандай болот?

Жооп: Сенде бош убакытың бар, жана футбол оюндарын көрүүдөн башка кылаарга ишиң жок, туурабы? Негизинен мусулмандын убактысы баалуу, ал убактысын футбол оюндарын, же сериялдарды же ар кандай, динге да, дүйнөгө да пайдасы жок нерселерди көрүү менен өткөзгөнү туура эмес. Ал өзүнүн убактысын үнөмдөп, пайдалуу иштерге сарпташы керек. Футбол оюндарын көрүп убакыт кетиргенче, уктап, эс алып алганың абзел. Пайдасыз нерселерди көрүп уйкудан калганча, уйкуну кандырып, түндүн акыркы бөлүгүндө туруп намаз окусаң сен үчүн жакшы жана пайдалуу! Себеби мындай нерселер сени уйкудан калтырып, багымдат намазына турууга кыйынчылык жаратат.

© ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий