ДУХА НАМАЗЫ КАНЧА РЕКЕТ ОКУЛАТ?

СУРОО: Духа намазы тууралуу суроо. Ал канча рекеттен турат?

ЖООП:Шейх Мухаммад ибн Солих аль-Усеймин رحمه الله айтты:

Духа намазы – сүннөт амал. Аны Пайгамбар ﷺ сөзү жана амалы менен үйрөтүп кеткен.

Амалы менен калтырган үлгүсүн карасак – ал ﷺ кээде эки рекет духа намазын окучу, ал эми сөз менен калтырган осуятында, пайгамбар ﷺ адамдардын (денесиндеги) ар бир муунунан күн сайын садака алынат экенин айткан, ар бир мүчөөсүнөн күн сайын садака берилиши керектигин айткан. Бирок бул (садака) мал-мүлктөн берилчү садака эмес. Аллахка жакындатчу бардык нерселер “садака” деп аталат: жолдогу тоскоол жараткан нерсени алып кою — садака, “Ля Илааха иллаЛлаху” келмесин айтуу — садака, “Аллаху Акбар” деп айтуу — садака, “Аль-Хамду лиллях” деп айтуу — садака, Куран окуу — садака. Бирок, Пайгамбар ﷺ айтты: “булардын бардыгынын ордуна Духа учурунда 2 рекет намаз окуу жетиштүү”. Бул хадисте Духа намазын эки рекет кылып окууга үндөө бар.

Инсанга Духа намазын эки рекет кылып күн сайын окуу – сүннөт.

Духа намазынын убактысы: Күн найза бою көтөрүлгөндөн баштап, тээ күн төбөгө жеткени болжол менен он мүнөт калганча – мына ушул эки убакыттын ортосундагы кайсыл учур болбосун – Духа окулат, б.а. күн чыккандан он беш мүнөттөн кийин баштап, күн төбөгө жеткени болжол менен он мүнөт калганча. Бул убакыттын баардыгы ал намазга тиешеүү, жана анын убактысы өтө .

Булак  : “Силсилату фатава нуур ъала ад-дарб”
Кассета № 252

© ИсламЖолу

Share

You may also like...

2 комментария

  1. Чолпон:

    Кайсы суроолор окучат же кадимкидей эле эки рекет намаз каалаган суро менен окулабы? Аль Зуха суроосу окулат Деп уктум эле

  2. Чолпон : Каалаган сүрөөнү окуй бересиз.

Добавить комментарий