Имам аз-Захабий (Аллах аны ырайымына алсын) айтты:
Аялдын күйөөсүнө болгон милдет иштери :
— Күйөөсүнөн дайым тартынып туруусу
— Ага тике карабашы
— Күйөөсүнө баш ийүүсү
— Күйөөсү сүйлөгөндө аны тыңдап угуусу
— Ал келгенде жакшылап тосуп алуусу
— Анын ачуусун келтирүүдөн алыс болуусу
— Күйөөсү сыртка кеткенде аны жакшылап узатуусу
— Ал уйкуга бараарда ага көңул буруусу
— Күйөөсүнүн абийирине, мал-мүлкүнө жана үйүнө кыянат кылуудан алыс болуусу
— Күйөөсүнүн алдында таза, мисвак колдонуп жана жагымдуу жыттануусу
— Күйөөсүнүн алдында сулууланып жасанып жүрүүсү,
— Аны гыйбат (ушак) кылуудан алыс болуусу.
— Аял кайын журтуна сый урмат көргөзүүсү
— Күйөөсү тапканын аз болсо дагы көп көрүүсү.
Булак: Китабуль-кабааир (1/66).