Чүчкүрүүгө тиешелүү адеп

 

? Пайгамбар (саллаЛлаху ‘алейхи уа саллам) айткан: «Эгер кимдир бирөөңөр чүчкүргөн болсо: “Альхамду ли-Ллях” (Аллахка шүгүр-мактоо) деп айтсын. Эгер ал муну айтса, анда анын (мусулман) бир тууганы же досу ага: “Йархамука-Ллах” (Аллах сага ырайым кылсын) деп айтсын. Эгер ага ушинтип айтса, ал ага: “Йахдиикуму-Ллах уа йуслиху баалякум” (Аллах сизди туура жолго баштасын жана иштериңизди оңосун) деп жооп берсин». (Хадис Бухари «Адабуль-муфрад» 927).

Ошентип чүчкүргөн адам:
? “Альхамду ли-Ллях”. Деп айтууга тийиш.

Муну уккан адам:
? “Йархамука-Ллах” деп коюшу керек.

Ага:
? «Йахдиикуму-Ллах уа йуслиху баалякум» деп жооп берилет.

▪Ал эми, чүчкүргөн соң Аллахка шүгүр-мактоо айтпаган адамга эч нерсе айтылбайт.

©islamjolu

Share

You may also like...

Добавить комментарий