Эмне үчүн Таухид эң биринчи турат?!

ТАУХИД БАРДЫГЫНАН БИРИНЧИ

❓ Эмне учун таухид эң биринчи турат?

Шейх Раби ибн Хади аль-Мадхали айтты:

❗️ Себеби ушул нерсе – пайгамбарларга буйрук кылынган Аллахтын жолу. Элчилердин баардыгы дааваттарын алгач таухидден башташкан, ал эми алардын дааваты адамдар үчүн баардык жакшылыктарды камтыган.

? Бул тууралуу Пайгамбар (алейхис солату вас салам) айтты: “Мага чейинки пайгамбарлардын баардыгы жакшылык деп билген нерселерин үммөттөрүнө үйрөтүшкөн, жана жамандык деп билген нерселеринен кайтарышкан”.

Бардык пайгамбарлар (алейхим ассолату вас салам) адамдар үчүн кандай жакшылык болсо, баардыгын жеткиришкен. ? Бирок алардын ичинен, эң алгачкы жана маанилүү нерседен башташкан.

ℹ️ Дааватта таухид эң биринчи башталганы — бардык пайгамбарлардын жолу

? Ким Куранды ачып, ага ой жүгуртүп караса, ал жакта пайгамбарлардын дааваты бир нече негиздерден тураарын көрүүгө болот:
• Таухидди орнотуу;
• Пайгамбарчылыктын акыйкат экендигин тастыктоо;
• Кайра тирилүү жана жаза болоорун тастыктоо.

Бирок, пайгамбарлар кылган дааваттын өзөгү болуп саналган, алар ошол учун өз коомдору менен күрөшүп келген нерсе — таухид болуп саналат. ?Тагыраак айтканда Аллахка сыйынуу таухиди (таухид улухия).

Себеби Таухиддин рубубия (Аллахты жаратуучу жана башкаруучу деп билүү) жана асма вас сыфат (Аллахтын көркөм ысымдары жана улуу сыпааттарына ыйман келтирүү) бөлүктөрүндө — коомдор өз пайгамбарларына каршы чыгышкан эмес экенин Курандан көрөбүз.

ℹ️ Коомдор өз пайгамбарларына эң негизги Таухид улухия маселесинде каршы болушкан

Ооба. Алар кайра тирилүүгө ишенишкен эмес, аны жокко чыгарышкан. Бирок моюн сунбоонун эң чоңу – ибадаттардын бардыгы жалгыз Аллах Таалага гана арналуусу керек экендигин четке кагуулары болгон.
Аллах Таала Өзүнүн китебинде ачык баяндагандай бүткүл пайгамбарлар кылган дааваттарын алгач акыйданы (ишенимди) оңдоп-түзөөдөн башташкан, тагыраак айтканда ибаадаттагы таухидди оңдоп-түзөөдөн…

ОЛУЯЛАРДЫ АША ЧААП УЛУКТОО — ШИРККЕ АЛЫП БАРАТ

⚡️ Шайтан Адамды (алейхис салам) азгырып, (тыйуу салынган) даракты жедиргенден кийин эле, адам баласына карата кылган эң чоң куулугу — таухид улухияда болгон…

Шайтан Нухтун коомуна өлгөн такыба адамдар менен байланышты кооздоп көргөзүп, аларга (олуялардын) эстеликтерин жасап берди. Ошол олуя такыба инсандарды билген адамдар бул дүйнөдөн өткөн соң, адамдарга шайтан кайрадан келип, “бул эстеликтер олуяларга ибадат кылуу үчүн коюлган” деп, адамдар ой салып, азгырып кетет. Мына ушундай жол менен ал (ширк) уланат.

? Туура, Нух (алейхис салам) өзүнүн коомуна 950 жыл даават кылган, бул тууралу Аллах Таала Өзүнүң ыйык китебинде айткан. Ошондой эле, эң жаман коом — Нухтун коому, эң караңгы коом — Нухтун коому, эң ыплас коом — бул Нухтун коому болгон. Ошол үчүн Нух миң жылдай даават кылган, ошонтсе да, аз эле адам аны ээрчип, ыйман келтирген. Нух канча деген доорду сүрүп, кылымдар бою даават кылган, бирок алардын каршылыгы ошончолук күчөгөн. Жыйнтыгында аларга Аллах Таала жазасын жиберген.

? Эң биринчи ширк — Нух коомунда пайда болгон

Аллах Таала Нухтан (алейхи салам) мусулман урпактарды улаган, бирок шайтан аларды да азгырып, Аллах Таалага шерик кошууга түрттү.

Мына ушундай эле, ар бир пайгамбар менен Аллах Таала адамдарды жамандыктан куткарып турчу. Бирок алар да көпкө узабай, Нухтун коому азгырылгандай сыяктуу, шайтанга азгырылып кетишет. Мындай азгыруу болуп келген жана Кыямат күнүнө чейин боло берет.

ДААВАТТЫ БАШТООНУН ТУУРА ЖОЛУ — ТАУХИД ЭҢ БИРИНЧИ КОЮЛУУСУ

? Ошондуктан, кимде ким Аллах Таалага чакырса — ал дааватын пайгамбарлар кылгандай кылуусу зарыл, шайтандын Адам балдарына карата азгырууларына каршы туруусу зарыл: мейли мусулман эли болобу же мусулман эместер болобу — эң биринчи оңоого ылайыктуу нерсе — бул таухид ишеними.

Туура, айрымдарына ал (таухид) нерсе жакпайт. Бирок пайгамбарлардын жолун жолдойм, элдерди оңоонун туура ыкмасын колдоном деген ыкластуу дааватчы (да’и) — биринчи таухид маселесин түзөөдөн баштайт.

? «ат-Таухид Аввалян»

© ИсламЖолу

 

 

Share

You may also like...

Добавить комментарий