Алсыз ыйман

Шейх Сулайман Ар-Рухайли

(Аллах аны Өз коргоосуна алсын)

Суроо: Күнүмдүк жашоодо, ыйманды кантип көтөрүүгө болот. Жана жүрөктөгү алсыз ыйман менен амалдар кабыл болобу? Аллах сизден ыраазы болсун!

Жооп: Чынында ыйман көбөйүп жана азайып турат. Ал Аллахка моюн сунуу менен көбөйөт жана күнөө иштерди кылуу менен азаят.

Эгер сен ыйманыңдын көбөйүшүн кааласаң, Аллахка ибаадатты көбөйт. Айрыкча жалгыз калган учурда! Жалгыз отуруп Аллах Тааладан жалбарып суран, ибаадаттарыңды күчөт, ошондо сенин ыйманың күчөйт. Эгер ар бир сооптуу амал Жалгыз Аллах үчүн жана Пайгамбарыбыз (алейхи уа саллам) көргөзүп бергендей аткарылса, Аллах Таала кандай мусулман болбосун амалын кабыл кылат. Мейли анын ыйманы алсыз же көптөгөн күнөө жасаган болсун.

Андыктан, эгер Аллах Таалага ыклас менен жана Пайгамбар (алейхис солату вас салам) көргөзгөндөй аткарса, Аллах Таала амалдарды кабыл кылат. Жана аны менен бирге ыйман да өтөрүлөт. Ошондуктан сен шайтанды сындырышың керек.

Себеби шайтан: “Сен күнөөкөр болуп, телевизордон башың чыкпай туруп кантип мечитке сабактарга барасың?» — деп адамдарды азгырат. Сен түз жүргөн адамдар (солихтер) менен оңолбойсуң” деген сөздөрдү айтып азгырат. Мына ушундай учурда, сен шайтанга баш ийбе! Аллах менен касам ичип айтам!!! Эгер сен чынчыл болуп, амалдарыңды ыклас менен жана пайгамбардын жолуна ылайык аткарсаң, Аллах сениин амалыңды кабыл кылат жана ыйманыңды көтөрөт. Балким мына ушундай амалдар жаман адаттардан тазаланууга себеп болот.

Эгер мусулман ыкластуу болсо жана ибаадаттарды пайгамбар (алейхи солату вас салам) көргөзгөндөй аткарса, пенденин күнөөсүнө, жүрөктүн алсыздыгына. Жана анын кемчилигине карабай Аллах Таала амалын кабыл кылат. Демек, канчалык ибаадатка бекем болсоң, ыйманың да дурус болот.

© ИсламЖолу

Share

You may also like...

1 Response

  1. Айгул:

    намаз окууну уйронуу курстары барбы?

Добавить комментарий