Орозого тиешелүү айрым терминдер жана алардын кыска түшүндүрмөсү

🔸ТАРАВИХ деген эмне? Таравих — Рамазанда окулчу түнкү намаз, куптандан кийин окулат. Эркектер жана аялдар үчүн бул намазды окуу сооптуу иш. Хадисте келет: «Ким Рамазандын түндөсү ыйман ж’а сооп үмүт этүү менен намаз окуса күнөөлөрү кечирилет» (Бухари).

🔸 ‎СУХУР – саарлык: 1) түндүн эң акыркы бөлүгү, багымдат азанына чейин 5-10 мин. калгандагы убакыт 2) ошол убакытта ооз бекитүү үчүн тамактануу процесси. Сухур – берекелүү убакыт, ошондуктан орозо кармайм деген киши бир чыны болсо да туруп, ууртап койсо сооптуу иш кылган болот. Сухур үчүн эң жакшы тамак – курма (финик).

🔸 ‎ИФТАР – орозо кармап жаткан кишинин күн баткан (шам) учурда ооз ачып, орозосун токтотуусу. Ифтарды курма же суу менен кылуу абзел.

🔸 ‎РАМАЗАН — мусулман календарынын 9-айы. Исламдын 5 түркүгүнүн бири болгон парз орозо бул айда тутулат. Айдын көрүнүшүнө карата 29 же 30 күн уланат.

🔸 ‎ОРОЗО деген эмне? Орозо деген — ибадат ниетинде таң аткандан күн батканга чейин тамак, ичимдик, жыныстык мамиле ж.б. оозду ачкан нерселерден сактануу. Орозо жүрөктө Кудайдан коркуу сезимин жаратат, ден-соолукка пайда берет.

🔸 ‎ИТИКАФ — Аллахка жакындоо максатында мечиттин ичинен чыкпай ибадат кылуу. Рамазандын акыркы 10 күнүн И. кылуу – сүннөт, сооптуу амал. Максат: Рамазандын акыркы он күндүгүнүн бирөөсундө келчү Кадыр Түндү тосуу. Мечитте дайым болгон киши ага жолугат, аны табат. Итикаф деген эмне? толук окуу >>>

Орозого тиешелүү айрым терминдер жана алардын түшүндүрмөсү

🔻 ‎КАДЫР ТҮН — Миң айдан артык болгон, адамдардын 1 жылдык тагдыры чечиле турган берекелүү түн. Рамазандын акыркы 10 түнүнүн бирөөсүндө келет. Так датасы жок, ар жылы ар башка түндөрү болуп, алмашып турат. Анын сыры – пенделер бул түндү издеп, көбүрөөк ибадат кылуулары үчүн. Кадыр Түндү майрам катары тосуу шарт эмес, бул түн ибадат, дуа, Куран, зикр, намаз үчүн арналуусу зарыл. Бул түндүн убактысы күн киргенден баштап, сарлыкта таң аткыча. Бул учурда айлана чөйрөнү тынчтык басат, жерге периштелер түшөт. Бул түнү 1 жылдык тагдыр чечилет: эмки жылкыга чейин ким үйлөнөт, ким ажыга барат, эмне болот, эмне алат ж.б.

🔻ФИТР ‎САДАКА (же ОРОЗО ПИТИР) — Рамазан учурунда, ар бир кишиден, белгилүү тамак-аш менен, белгилүү өлчөмдө берилчү, милдеттүү садака. Фитр кедейлерге берилет. Максат: кедейлер Орозо Айтты майрамдоосуна жардам берүү жана садака аркылуу Рамазанда кетирген ката кемчиликтерди толуктоо. Бул садаканын эн жакшы убактысы Орозо Айт намазына чыгып баратып берилгени. Айтка 1-2 кун калганда да бере баштаса болот. Фитир садака тууралуу толук окуу >>>

🔻 ‎ОРОЗО АЙТ – Ислам майрамы. Шавваль айынын 1-числосунда белгиленет. Орозо бүткөндүгүн мусулмандар белгилешип, бул күндө Аллахты көп улукташат, Айт намазын окушат, бири-бирине конокко барышат. Айт күнү орозо кармалбайт, адамдар майрамдык маанайда болушат.

© ИсламЖолу

Share

You may also like...

1 Response

  1. жыпарбек ажы:

    Орозо кармабаган адамдар орозо кейпинде болсо сообу чон. Жыпарбек ажы.

Добавить комментарий