Рамазан айына план түзүү

Шейх Абдурразак аль-Бадр айтты:

Ошондуктан, мусулман, бул айга өзүн даярдашы керек

Бул айдан жакшы пайда алыш үчүн…

…Өзүнө ушундай программа түзүп алсын – жакшы.. жана пайдалуу..

Эгер ал өзүнө план түзүп алса — аны аткарууга аракет кылат…

Программа түзүнүүн бир мисалын кара…

Салафтардын бирөөсү.. Рамазан киргенде.. “Бул — кедейлерге тамак берүү жана Кураан окуу айы” деп айтчу экен…

Ал өзүнө, Рамазанга ушундай программа түзүп алган эле…

Сен, Рамазан айы башталганда, эмне менен алек болосуң? Өзүңдүн максатыңды, кыла турган амалдарыңды аныктап ал.

Убактыңды тартиптештир.

Таравихти, түңкү намаздарды өткөрүп жибербе.

Орозо маалында, көбүрөөк зикр кылууну калтырба.

Чындыгында Аллахтын алдында, орозо кармап эң чоң соопко ээ болгондор – бул, орозо маалында көп зикр кылгандар..

Ким күндүзү, орозо тутса.. тамак, суусундук жана.. бардык ооз ачуучу себептерден алыс болсо… бирок, мисалы багымдаттан пешимге чейин уктап жатса…

Ага тең боло алабы?.. ким орозо учурунда… ошол эле убакытты Куран окуу менен өткөрсө. Экөөнүн орозосу бирдейби?

Экөө тең болобу? Жок. Аллахка ант, андай эмес.

Ооба, биринчиси да парзын аткарды, экинчиси дагы. Бирок экөө бирдей боло албайт.

 Видеону юутубдан көрүү

Share

You may also like...

Добавить комментарий