Шавваль айынын орозосу ?

Рамазан айы бүткөн соң андан кийинки Шавваль айынын алты күндүк сүннөт орозосун тутуу — биз үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Мусулман адам мындай соопко кайдыгер болбой, сооп жыйнап калуусу керек.

Кошумча окуу: Орозо деген эмне? Орозо тутуунун эрежелери (толук).

Аллахтын элчиси (саллаллаху алейхи ва саллям) айтты:

«Ким Рамазанда орозо тутса, анын артынан Шавваль айында ага алты күн кошсо — бир жыл орозо туткандай болот» (Муслим: 1164; Ахмад: 23533)

Бул да болсо Аллахтын Өзүнүн берешендиги менен бизге чоӊ жакшылык кылып жаткандыгы. Аз гана нерсе жасап, бирок көп эсе сооп алып жатканыбыз бизге эн чоӊ жакшылык.

📊 Шавваль айынын орозосунун тартиби:

1. Шавваль айнын сүннөт орозосун тутуу үчүн алгач Рамазандын карыздарын тутуп берүү шарт. Себеби хадисте «Ким Рамазан айын тутуп…» делет, ал эми Рамазандан карыздар калса ал Рамазанды туткан болуп эсептелбейт.

2. Шавваль айындагы орозону ошол Шаввал айында гана кармоо керек.

3. Шаввалдагы орозону удаа тутуш шарт эмес. Ошол ай бүткүчө каалаган алты күнүн тутуп берсе болду.

4. Шавваль айындагы орозо Рамазандагы же башка айдагы орозо сыяктуу эле багымдаттан шамга чейинки убакытта кармалат. Бардык эрежелери Рамазандын орозосу сыяктуу эле. М: Рамазандагы орозону буза турган нерселер, башка бардык орозолорду да бузат.

Шавваль орозосунун пазилети

📜 Шавваль айынын орозосу тууралуу аалымдардын айткандары

Ибн Мубарак рахимаху Алла айтты: Шаввал айынын алты күндүк орозо алтымыш күндүк орозого тете. Ошондуктан ким ал күндөрдө орозо тутса, Рамазан айынын орозосу менен биригип бир жыл бою орозо туткандын сообун алат.

Хафиз ибн Ражаб рахимаху Алла айтты: Орозо айы бүтөөрү менен күнөө иштерге кирген адам, Алланын нээматына (жакшылыгына) кадимки шүгүрсүздүк кылып жүз бурган адам болуп саналат.

Ошондуктан, туугандар! Орозо кармоо жана башка жакшылык иштерди кылууну тек гана Рамазан айы менен чектебестен, бирок бардык айларда аткарууга аракет кылалы.

Башар ал-Хафи рахимаху Алла аттуу аалымга ибадаттарды жакшыртуу аракеттерин Рамазан айы менен гана чектеген адамдар тууралуу айтылганда, аны жообу төмөндөгүчө болгон: “Алланын кадыр баркын бир гана Рамазанда билген — кандай жаман адам! Алланын акысын чындап билген адам жыл бою ибадатта болот”.

Хафиз ибн Ражаб рахимаху Алла аалымдан пайдалуу кеңеш. Ал айтты: биз билген Шаввал жана Шаабан айындагы орозолор кадимки күнүмдүк беш маал парз намаздагы сүннөт намаздары сыяктуу. Себеби, парз намаздагы кеткен каталарды кыяматта сүннөт намаздар толуктайт, Рамазандагы парз орозонун дагы каталарын ушул Шаввал, Шаабан айындагы сүннөт орозолор толуктайт. Себеби, көпчүлүк адамдардын орозолорунда кемчилик болбой койбойт, мына ушундай кошумча сүннөт амалдарга сөзсүз муктаж болобуз.

Парз орозо бүткөндөн кийинки сүннөт орозолорду таштабай улантуу анын орозосу кабыл болгондугунан кабар берет. Себеби, Алла Таала кулунун амалын кабыл кылгандыгынын бир белгиси, ал кийинки амалдарын дагы чырайлуу аткаргандыгын уланткандыгында.

Салафтар айткандай: Адам бир жакшы иш кылып андан кийин дагы жакшы иш менен улантуусу анын биринчи жакшы ишинин кабыл болушунун белгиси деп саналат. Ал эми жакшы иш кылып кайра жаман иш кылуусу биринчи жакшы ишинин кабыл болбошунун белгиси.

📝 Туруктуу комитеттин Шавваль айынын орозосу тууралуу фетвасы

СУРОО. Рамазан айынан кийинки кармала турган алты күндүк орозо шарттуу түрдө айт күнүнүн эртеси башталуусү керекпи же айттан соң Шаввал айы ичиндеги бир нече күндөрдөн кийин кармаса болобу?

ЖООП. Айт күнүнүн эртеси баштоо шарт эмес. Айттан кийин бир же бир нече күндөн кийин кармаса жарайт. Ошондой эле бул алты күндүк орозону адам өз ыңгайына карап Шавваль айынын катар алты күнүн же ар кайсы күндөрүндө (толуктап) кармаса болот. Бул амалдын маселеси кенен. Бул (орозо) парз эмес, бирок сүннөт.

(Фетвалар боюнча Туруктуу комитетинин фатвалар жыйнагы: №3475, 10/391)

🌀 Шавваль айынын орозосун тутуу үчүн Рамазандын карыздарын биринчи тутуу шартпы?

СУРОО. Ирактан Н.Д. аттуу угарманыбыз бир нече суроо жибериптир. Биринчи суроосунда айтат: “Рамазан айынын карызын тутпастан, Шавваль айынын алты күндүк орозосун кармоо болобу? Эгер уруксат эмес болсо, анда Шаввал айынын Дүйшөмбү күндөрүндө орозо тутуп, ошол орозону 《Рамазандын казасы, Шаввал орозосу жана Дүйшөмбү күнүнүн орозосу》 деп ниеттенип (б.а. ниеттерди бириктирип) орозо кармоого болобу?

❗️ ЖООП. Шейх Ибн аль-‘Усеймин жооп берди:

Шаввалдын алты күн орозосунун сообу, Рамазандын күндөрүн ТОЛУК кармабайынча, эсептелбейт.
⚠️ Ошондуктан Рамазандан карызы бар адам, аны тутуп бермейинче, Шаввал айынын алты күн орозосун тутпайт.
Себеби Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам): “Ким РАМАЗАН АЙЫНДА ОРОЗО КАРМАСА, кийин анын артынан Шаввалдан алты күн кармаса – бир жылдык орозо тутканга барабар” (Муслим: 1164), — деди. Рамазан айын толук кармап бүтүрбөгөн адам, Рамазан айын орозо кармады деп эсептелбейт.
Демек, карыз орозосу бар адамга айтабыз: “алгач карыз орозоңду карма, андан соң гана Шаввал айынын алты күн орозосун карма”.
Эгер алты күндүк орозо, Дүйшөмбү/Бейшемби күндөрү орозо кармоого туура келип, жана адам аны 《Шаввалдын орозосу, жана Дүйшөмбү/Бейшемби орозосу》 деп НИЕТТЕНСЕ – ал ошол [эки нафил] орозонун тең сообун алат. Себеби Пайгамбар ﷺ: «Амалдар ниеттер менен. Чындыгында ар бир адам ниеттенген нерсесин гана алат» деди.

📝 Булак: “Силсиля Фатава Нур ъала Дарб”: 146.

📆 Каза орозолорду кармап, Шавваль айынын орозосуна жетишпей калса…

СУРОО. Эгер бир киши Шавваль айынын баарысын Рамазандын карыз орозолорун кармоо менен өткөрсө – анда ал [Шаввал айынын] алты күндүк орозосун Зуль-Ка’да айында тутуп койсо болобу?

❗️ ЖООП. Шейх Ибн аль-‘Усеймин жооп берди:

Мисалы, эгер адам сапар, оору же төрөттөн кийинки кан (нифас) себептүү, Рамазан айын толугу менен орозо кармаган жок деп эсептесек, жана ал Шаввал айын толугу менен ошол каза орозолорду тутуп өткөрүп, Шавваль бүтүп калса – анда мындай адамга Зуль-Каада айында алты күн орозо тутуп коюу уруксат.
Себеби, парз болгон Рамазан орозосун тутпай калган киши, анын казасын туткандай эле, нафилди [үзүр себептүү] өткөрүп жиберген киши, анын казасын тутат. Шаввал айынын алты күндүк орозосу, Рамазан айынын орозосунан кийин тутулат эмеспи.
Бирок эгер ал карыз орозолорду тутууга кош көңүлдүк кылып, мүмкүнчүлүгү барда тутпай жүрүп, анан Шавваль аяктаганы аз калганда карыз орозолорду тута баштап, [ошентип Шавваль бүтүп калып, кийинки ай келгенде], алты күндүк орозону тутууну кааласа – бул андан кабыл кылынбайт. Себеби ал, эч үзүр-себепсиз, ибадатты өз убагында кылбай, таштап койду.

📝 Булак: “Силсиля Лико аль-Баб аль-Мафтух”: 117.

 

©ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий