«Жана алар жалган нерсеге күбө болушпайт» (Куран, аль-Фуркан 25:72) аятынын тафсири.
Шейх Ибн аль-Усеймин өзүнүн кезектеги бир радио-сабактарында айтты:
? Бул жолугушууну – өткөндө токтогон жерибизден – Фуркан сүрөсүнүн акыркы аятын чечмелөө менен баштайлы. ар-Рахмандын (Мээримдүүнүн) кулдарынын сыпаттарын эскерип, көп бөлүгүн карап өттүк.
Алардын сыпаттарынын дагы бирөөсү: “Жана алар жалган нерсеге күбө болушпайт. Пайдасыз (кыйбат, ушак) сөздүн жанынан өтсө (ага аралашпай) урмат-сыйын сактап өтөт” (Куран, аль-Фуркан 25:72).
“Жана алар жалган нерсеге күбө болушпайт”
Алар, сөз жана амал менен аткарылган күнөөлөргө күбө болушпайт, б.а. алар андай жерге барышпайт, андай жерде отурушпайт.
⚠ Себеби, күнөө болуп жаткан жерге барган адамга – ошол күнөөнү кылды деп жазылат. Тагыраак айтканда, эгер адам жалган нерсени кылгандар менен (чогу жүрүп) бирге отурса, алардын амалын жасабаса дага, чынында, андай адам ошолорго окшош болот.
? Буга Аллах Тааланын мындай сөзү далил: “(О, момундар!) Аллах силерге Китепте «Эгер Аллахтын аяттарына куфр кылынып же аны шылдың кылынып турганын уксаңар, качан башка сөзгө өтмөйүнчө алар менен отурбагыла! » — деген өкүмдү түшүргөн. (Эгер алар менен бирге отура берген болсоңор) анда, силер дагы ошолордун бири экенсиңер…” б.а. эгер силер, алар менен чогу отурсаңар силер дагы алар сымал болуп каласыңар. “…Албетте, Аллах эки жүздүү мунафыктардын бардыгын каапырлар менен кошуп тозокко чогултат” (Нисаа:140).
(Рахмандын такыба кулдары) жалаган нерсеге күбө болушпайт – демек, анда алар ал жалганды жасашпайт деп эсептелет.
?Бул аятка тиешелүү маселе айта кетели. Бүгүнкү күндөрү нике тойлоруна барып жатышкан көпчүлүк адамдар, “Нике той кечелеринин көпчүлүгүндө сөзсүз күнөө иштер кошо коштолот. Биз эмне кылышыбыз керек: аларды жактырбасак да барабызбы же барбай эле коебузбу?”, — деп даттанышат.??
Жооп: Туугандар, биз айтаар элек, эгер адам бир жерге келип ошол күнөө ишти кайтара алса, анда ага ошол жакка барышы парз болот. Мунун эки себеби бар. 1) үйлөнүү тоюна чакырылган кишинин, ага барууга шарты болсо – ал барышы милдет. 2)эгер ал, өзүнүн келүүсү менен күнөө ишти токтотууга мүмкүнчүлүгү бар болсо, анда ал, андай жеге барышы милдет.
Ал эми, эгер андай кылганга мүмкүнчүлүгү келбесе анда андай жерге барса болбойт. Себеби, эгер ал жакка барса, күнөөгө шериктеш болуп калат.
⚡Кээ бир адамдар “Эгер мен барбай койсом, менин тууганым жана досум мага нааразы болот” деп айтышат. Биз айтаар элек: Мейли, нааразы боло берсин. Бирок сен аны нааразы кылууң менен Аллахты ыраазы кылдың да!
Мусулман киши, Аллахтын ыраазычылыгын таштап, элдин ыраазычылыгын алууга аракет кылышы керекпи?! Аллахка ант, бул мындай эмес. Кимде ким Аллахтын каарын келтирүү менен адамдардын ыраазычылыгын издесе – ага Аллахтын каары түшөт, ага адамдардын дагы каарын түшүрөт. Ал эми кимде ким адамдардын нааразылыгы аркылуу Аллахты ыраазычылыгын издесе – Аллах аны адамдардын жамандыгынан коргоп берет.
Бир тууганым! Эгер сага, жакының келип “эмне келбей койдуң?” десе, сен ага “Сен Кудайдан корккондо, сөзсүз келмекмин!” деп кой. Аллахтын динин таштап, биз бирөөгө жагынбайбыз. Ага ачык эле айт: “Мени кабатыр кылып жаткан алдыгы [күнөө] иштерден сен алыс болгонуңда – мен сөзсүз чакырууңа жооп бермекмин! Ал эми арам аларашкан той өткөзүп, анан мени кел дегениң жарабайт”, — деп.
?Ошондой эле, ушак болуп жаткан жерде, алар менен аралышып отурган адамдар да бар. Эч күмөн жок адамдарды ушак кылуу – жалган нерсеге күбө болууга барабар. Андай киши ушак болуп жаткан жерде отуруп, аларды угуп, анан дагы “мен ушакты жек көрөм” дегенин табасың! Ушинтип айтыш туурабы? Албетте туура эмес. Эгер ал чындап эле аны жек көрсө – анда, ошондой жерде отурмак эмес эле. Эгер ал, ушакташкандар менен отурса – алардын ушугына катышпаса да – күнөө ишине шерикnеш болуп калат.
? Булак (аль-Лико аш-Шахрий: 66)
http://binothaimeen.net/content/1470
Шейхи Ибн Усеймин ким?
Мухаммад Ибн Солих аль-Усеймин (1929-2001-жж, Сауд Аравиясы) – ХХ кылымдын эң чоң аалымдарынын бири, факих, муфассир. Бүгүнкү күндөгү көптөгөн аалымдардын, дааватчылардын устазы.
© ИсламЖолу