Сахабалар Рамазан айын кантип тосушкан?

Муфтий Шейх Абдуль-Азиз Ибн Баз (Аллах аны Өз ыраымына алсын): “Салаф Солихиндер Сахабалар Рамазан айын кантип тосушкан?”

Суроо: “Урматтуу шейх! Бул куттуу Рамазан айын Салафи Солихтер — мусулмандардын алгачкы мууну (Аллах алардан ыраазы болсун) кандай тосушчу эле? Сахабалар Рамазан айында кандай акыбалда эле?”

Жооп: Бул айдын келишин, алар абдан кубаныч менен күтүп алышчу! Ибаадаттарын көбөйтүшүп, жакшы амалдарды жасоодо жарышышкан!

Пайгамбар (алейхис солаату вас салаам) өзүнүн сахабаларына сүйүнчүлөп: “Бизге Рамазан айы кирип келди! Бул — берекелүү ай! Аллах бизге бул айда орозо тутууну жана кошумча түңкү намаздарды окууга буюрду!” — деп айтчу.

Бул айдын келишине мусулман сүйүнөт. Жана жакшы амалдарды колунан келишинче көп аткарууга умтулат жана ал айга кубанычта болот! Ошондой эле, Пайгамбар (алейхис солату вас салам) өзүнүн сахабаларына сүйүнчүлөп куттуктаган, себеби бул айда мусулман үчүн көптөгөн жакшылыктар бар!

© ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий