Орозо тутуучу адамга – орозонун күндүзү муздак сууга түшүү жана жууну (душ алуу) уруксат — жана бул нерсенин орозого зыяны жок.
?Аллахтын Элчиси (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) орозо учурунда – суусагандан же ысып кеткендиктен – башына суу куйган.
? (Абу Дауд: 2365, сахих).
?Имам аль-Бухари айтты: “Орозо кармаган адамдын жуунуусу тууралуу : Ибн Умар орозо маалында кийимди нымдап, өзүнө жаап алчу; Шаъбий орозо маалында мончого кирчү; Хасан аль-Басрий айтты: «Орозо кармаган киши – тамагын чайкоосунда жана муздак сууга түшүшүндө – эч жамандык жок»”
? (Сахих аль-Бухари)
#Рамазан #орозонун_эрежелери #орозо #гусул
© ИсламЖолу — жаңы баштоочуга
www.islamjolu.kg