Салаф жана салафи деген ким? Салафизм деген эмне? Салафиттер деген кимдер?

Салаф жана салафи деген ким? Салафизм деген эмне? Салафиттер деген ким?

САЛАФИЗМ — БУЛ САХАБА, ТАБАИН ЖАНА ТАБАТАБАИНДЕРДИН ЖОЛУ

?Сахаба деген ким? Сахаба деп Пайгамбарыбызды ﷺ көрүп, ага ыйман келтирип, аны менен бир канча убакыт болуп, кийин мусулман болуп өлгөн кишилерди айтабыз, б.а. Пайгамбарыбыздын ﷺшакирттери, биринчи Исламды таркаткан мусулмандар.

?Табаин деген ким? Табаин деп сахабалардын шакирттерин айтабыз. Алар Пайгамбарыбызды ﷺкөрүшкөн эмес, бирок анын шакирттерин (сахабаларды) көрүшүп, алардан Исламды үйрөнүшкөн, илим алышкан.

?Табатабаин деген ким? Табатабаин деп табаиндердин шакирттерин айтабыз. Алар сахабаларды көрүшкөн эмес, бирок алардын шакирттеринен (табаиндерден) илим алышкан.

══════ ❁✿❁ ══════

Исламдагы ушул бириничи үч муун – салаф (абалкылар) деп аталат. Андан кийинки келген доор – халаф (кийинкилер) деп аталат.

══════ ❁✿❁ ══════

Салаф деген ким? (السلف) – эң абалкы коом (Ибн Манзур “Лисан аль-Араб”: 6/330). Салафтар деп – Исламдагы эң биринчи үч муун айтылат: сахабалар, табаиндер жана таба-табаиндер.

Салафи же салафиттер деген ким? (السلفي) — ушул биринчи үч муунду ээрчиген адамдар, ал кайсыл заманда болбосун.

Салафизм деген эмне?

Салафизмдин негиздери:

1) Диндеги ар бир нерсени биринчи үч муунга кайтаруу, эгер алар кылышса – кылуу, эгер алар айтышса – айтуу, эгер алар ташташса – таштоо, себеби алардын тууралыгына Пайгамбар ﷺкүбөлүк берген.

2) Биринчи үч муун ыйман келтирген нерселерге ыйман келтирүү, алар кайткан нерселерден кайтуу.

3) Курандын аяттарын тафсирлегенде сахабалардын тафсирине кайтуу. Себеби алар Куранды эң жакшы билген аалымдар, анын буйруктарын аткарган эң такыба адамдар, Куран тушуп жатканда ар бир аяттын түшүү тарыхын, анын маанисин терең билишкен.

4) Хадистердин маанисин түшүнүүдө да сахабалардын сөзүнө кайтуу. Себеби алар Хадистерди кантип түшүнүү керек, ага кандай мамиле кылуу керек эң жакшы билишкен, аларды тарбиялаган жана таалим берген Пайгамбар ﷺөзү болгон.

Салафизмдин жолу

? Ар бир иште эки нерсени кармануу – Аллахтын гана ыраазычылыгын жана Пайгамбарыбыздын ﷺкөрсөтүп кеткен таза сүннөтүн.

? Илим биринчи орунда. Куран жана Сүннөттү илимге бекем аалымдардан үйрөнүп, анан амал кылуу. Өз алдынча түшүнүүдөн алыс болуу. Бир нерсе айтуунун же кылуунун алдында сөзсүз илим алуу.

Салафизмдин далилдери

1⃣ Ибн Масъуддан риваят Аллахтын элчиси ﷺайтты: «Эң жакшы адамдар менин муунум, андан соң кийинкилери, андан соң кийинкилери» (Бухари: 2652; Муслим: 2533)

Айша айтты “бир киши Аллахтын элчисинен ﷺсурады: эң жакшы адамдар кайсылар? Айтты: менин муунум, андан соң экинчилери, андан соң үчүнчүлөрү” (Ибн Аби Шейба “Мусаннаф:: Китаб аль-Фазаиль”/ 548)

2⃣ Аллахтын элчиси ﷺайтты: «Менин жаным Анын колунда болгон Затка ант силер сөзсүз түрдө 73 фыркага бөлүнөсүңөр – бирөө Бейиште, жетимиш экиси Тозокто. Айтышты: алар кимдер? Айтты: аль-Жамаъа» (Ибн Мажа: 3992), Абдуллах ибн Амр ибн Аль-Астын риваяттында келет: “…Айтты: бүгүнкү күндө мен жана менин сахабаларым карманганды кармангандар” (Тирмизи: 2641)

3⃣ Аллах Куранда үч тайпадан ыраазы болуп, аларды Акыреттин ийгилигине жетүүчүлөрдөн деди. Бул кайсыл үч тайпа? Мухажирлер, Ансарлар жана алардын изинен түз ээрчиген башка адамдар:

«Мухажир жана ансарлардан турган алдыңкы саптагы эң биринчилер жана ошолордун изинен эң сонун ээрчип бара жаткандардан Аллаh ыраазы болду, алар дагы Аллаhтан ыраазы болушту. Жана Аллаh аларга, астынан дарыялар аккан, түбөлүк калуучу Бейиштерди даярдап койду. Бул – чоң жеңиш!» (Куран, ат-Тауба: 100)

4⃣ «Эгер алар (яхудийлер менен христиандар) силер ыйман келтиргендей ыйман келтиришсе, (ошондо гана) туура жол табышат. А эгер жүз буруп кетишсе, анда алар душман. Алардан сени Аллаhтын Өзү сактайт. Ал – Угуучу, Билүүчү» (Куран, аль-Бакара: 137). Бул аяттагы “силер ыйман келтиргендей” деп Аллах сахабаларга кайрылып жатат. Бул тууралуу Ибн Аббас айтып кеткен (Кз. аль-Харави “Замм аль-калям”: 4/39)

Динди кабыл кылганы турган яхудий же насроний жетимиш үч фырканын кайсынысын тандоо керек? Себеби Исламды кабыл кылдым деген менен хадисте келгендей Ислам бир эмес, анын ичинде тайпалар бар. Бирөөсүнө туш болот. Ошондуктан жаңы динди кабыл кылып жаткан киши сахабалар ыйман келтирген нерселерге ыйман келтирсе, алар ишенген нерсеге ишенсе, сөзүн сүйлөсө, жолун ээрчисе – мына ошондо ал Туура Жолдо басат. Ал эми мусулманчылыкта төрөлүп, мусулманчылыкта жашап жүргөн адамдарга бул андан да тиешелүүрөөк.

5⃣ «Ал эми ким ага Туура Жол билингенден кийин Элчиге кайчы чыгып, момундардыкынан башка жолго ээрчисе – ал каякка бурулса ошол жакка бурабыз жана Тозоктун отунда күйгүзөбүз. Кандай гана жаман жер!» (Куран, ан-Ниса: 115)

Аяттан белгилүү болгондой Туура Жол бир гана Пайгамбарга ﷺээрчүү менен чектелбейт, бирок сөзсүз түрдө сахабалардын жолун да ээрчүү керек. Түшүндүрмө, буга чейинки аяттын түшүндүрмөсүндөй эле. Адашкан фыркалардын жолунан чыгып кетүү эч зыян бербейт, тескерисинче бул парз. Бирок сахабалардын жолунан чыгып кетүү – зыян берет, адашууга, Тозокко алып келет.

Аллахтын элчиси ﷺөз сахабаларына фитна, фыркалар пайда болоорун айтып, ошол күндөрү ким сахабалардын жолунан тайбаса ал 50 сахабанын сообун алаарын баяндады: «Чындыгында, силерден кийин узун сабырдуулук күндөр келет. Эми ким ошол акыбалда силер карманган нерсени карманса – силердин араңардан болгон 50 кишинин сообун алат. Сахабалар сурашты: “О, Аллахтын элчиси, алардын арасынан 50 киши болуп жүрбөсүн?” Айтты: “Жок, нак силердин араңардан”» (Ибн Наср “ас-Сунна”: 33, ат-Табарани “аль-Кабир”: 289)

6⃣ «…Кайсыл бир маселеде талашып калсаңар, ал маселени Аллаhка жана Элчиге кайтаргыла (б.а. Куран жана Сүннөткө), эгер Аллаhка жана Акырет күнүнө ишенүүчү болсоңор. Ушул (силер үчүн) жакшы жана эң абзел чечим (болуп саналат)» (Куран, ан-Ниса: 59)

Пайгамбар Мухаммад ﷺайтты: “Мен силердин араңарда эки нерсени таштадым, алардан кийин эч качан адашпайсыңар – бул Аллахтын Китеби жана менин сүннөтүм” (Хаким “аль-Мустадрак”: 1/172)

Ирбад ибн Сария риваят кылат Пайгамбарыбыз ﷺайтты дейт: “Чындыгында, силердин кимиңер узак жашасаңар көп ихтиляфтарды көрөсүңөр. Ошондуктан менин сүннөтүмдү жана Туура Жолдо жүргөн халифтердин (аль-хулафа ар-рашидин) сүннөтүн тутунгула, ал нерсеге азуу тиштериңер менен жармашкыла. Бидааттан сактангыла. Себеби ар бир бидаат — адашуу” (Абу Дауд: 4607,ат-Тирмизи: 2676, Ибн Мажа: 42)

7⃣ Ибн Аббас үммөттүн ичинде Курандын тафсирин эң жакшы билген сахаба болду. Бардык тафсирлер анын шархына кайтышат. Ошондой эле Ибн Масъуд, Муаз ибн Жабал ж.б. сахабалар шариатты эң жакшы түшүнөт экенине Пайгамбарыбыз ﷺөзү күбөлүк берип кетти. “Ибн Умм Абд (Ибн Масъуд) үммөтүмө ыраазы болгон нерсеге мен дагы ыраазымын” (Ахмад “Фазаииль ас-Сахаба”), “Үммөтүмдүн халал жана харам боюнча эң илимдүүсү бул Муаз бин Жабал” (Ахмад)

8⃣ Аш-Шаъби айтты: «Аллахтын элчисинин ﷺсахабаларынан айтылган нерсени кабыл кыл, ал эми өз ой-пикиринен чыгарып айтылган нерсеге заары кылып сал!» (Абдур-Раззак: 11/256)

Улуу табеин Саид ибн Жубейр айтты: «Бадр согушуна катышкан сахабаларга белгилүү болбогон нерсе динден эмес» (“Жами’уль-баяниль-‘ильм: 1425”)

Таба-табаиндердин үлкөнү Имам аль-Аузаъий айтты: «Илим бул Мухаммаддын ﷺсахабаларынан келген нерсе. Ал эми алардын жок дегенде бирөөсүнөн келбеген нерсе илим болуп эсептелбейт» (“Жами’уль-баяниль-‘ильм: 1420”)

9⃣ Куран-Сүннөттү сахабалар түшүндүргөн. Качан адамдар сахабаларды таштап өзүлөрү түшүнүүгө аракет кылганда адашуулар пайда болгон. Исламдагы эң биринчи фырка — харижиттердин — арасында бир дагы сахаба болгон эмес, ошондуктан алар Куранды өз алдынча шархтап, адашышкан. Качан аларга Ибн Аббас келип «Мен силерге Аллахтын элчисинин ﷺсахабаларынан келдим – мухажирлерден, ансарлардан, амакесинин баласы (Али)ден. Куран аларга түшүрүлгөн болчу, жана алар анын маанисин силерге караганда жакшыраак билишет. А бирок силердин араңарда алардын (сахабалардын) бирөө да жок!» деп айтып, алардын Куран түшүнүүдөгү каталарын баяндап бергенде, суроолоруна жооп кайтарганда харижиттердин көбү тооба кылышып, Туура Жолго кайтышат (Кз. Ахмад: 1/621, аль-Хаким: 2/150)

? Ошондуктан аалымдар салафтардын жолун бекем тутууга чакырып, ар бир иште алардын жолдомосун карманууга буйрушкан. Имам Суфян ас-Саврий айткандай «Эгер башыңды салафтар тырмагандай кылып тырмай алсаң – ошону кыл» (“Заммуль-калям”: 1/181)

Имам Малик айтты: «Бул үммөттүн акыркыларын (халаф) эч нерсе оңобойт, бир гана баштапкыларын (салаф) оңогон нерсе гана оңойт» (“Аш-Шифа”: 2\676; “Хашия”: 6)

1⃣1⃣ Салафи аалымдардын көрүнүктүүлөрү:

Хасан аль-Басрий, Ибн Сирин, Ибн Кейсан, Саид ибн Жубейр, Аъмаш, Катада, Мукотил, Ас-Сади, аль-Аузаий, Суфян ас-Саури, Суфян ибн Уйейна, Хаммад, Ибн Мубарак, Ато ибн Абу Рабаха, аз-Зухри, Абу Ханифа Нуъман ибн Сабит, Абу Юсуф, Мухаммад Хассан, Малик, аш-Шафи, Ахмад Ибн Ханбал, аль-Бухари, Муслим, Абу Дауд, ан-Насаи, ат-Тирмизи, аль-Байхаки, ад-Даракутний, аль-Хаким, Ибн Жарир ат-Табари, ат-Табарани, ат-Тахави, ан-Навави, Ибн Хажар аль-Аскалани, Абу Бакр аль-Жаузийя, Ибн Теймия, Ибн Каййим аль-Жаузий, Ибн Касир, Ибн Ражаб, аз-Захаби, Мухаммад ибн Абдул-Ваххаб, Абдуррахман Ас-Саъдий, бүгүнкү күндөрдө Ибн Баз, Ибн Усеймин, аль-Альбаний, Салих аль-Фаузан, , Абдуль-мухсин аль-Аббад, Абдулазиз Али Шейх ж.б. аты аталбай кеткен уламалар. Аллах алардан ыраазы болсун!

Салафизмдин терракт, терроризм, жардыруу, ИГИЛ, киши өлтүрүүлөргө эч тиешеси жок.

© ИсламЖолу — жаңы баштоочуга

www.islamjolu.kg

Share

You may also like...

Добавить комментарий