Орозону эмнелер бузбайт?

• Даарат алууда ооз-мурунду чайкоо (бирок сууну терең албаш керек).
• Ооз жапкан учурда жунуп абалында болуу (хадис Айша).
• Күндүз өз ыктыярсыз түшүркөп, урук суюктугунун агып калышы (ихтилам болуу).
• Ысып кеткенде ваннага жуунуу, душ алуу.
• Аялын өбүү, кучактоо (бирок эгер дүүлүгүп кетип аялына жакындык кылып жиберүү коркунучу болсо — анда өбүү жана кучактоо болбойт).
• _Муктаждык болгондо_ этиаттап балага тамагын чайнап беруу, тамактын даамын татуу.
• Атыр же крем колдонуу.
• _Муктаждык болсо_ азык болбогон, куч-кубат бербеген дары алуу.
• Ооз жапкандан кийин тиште калып калган тамактын калдыктарын жутуп жиберүү.
• Жаман сөз сүйлөө, сөгүнүү, ушак айтуу орозону бузбайт, бирок сообун азайтып, таптакыр жок кылып салышы мүмкүн. ( Бул деген сөз ушак айта бер деген эмес. Алла сактасын! Орозо кармап ушак айтып жалган сүйлөгөндөр —  эң жаман нерсе)

 Имам аш-Шауканий «Дурар аль-Бахия»

http://ok.ru/islamjolu

Share

You may also like...

4 комментария

  1. Амантур:

    Орозо кармаган учурда жутунуп, шилекейин жутуп жиберсе орозо бузулбайбы?

  2. Денис:

    Ооз ачып жана ооз бекитуу алдында дааратты сопсуз алыш керекпи?

  3. Замир:

    Асалому алейкум.жотолом деп кусуп алдым, орозо бузулбайбы.

Добавить комментарий