Шейх Азиз Фархан: “Көптөгөн адамдар бүгүн харижиттердин жолунда экендерин өздөрү билишпейт”

ИГИШ жардыруу терракт

Шейх Азиз Фархан аль-Анзи айтты 🇦🇪:

Көптөгөн адамдар харижиттердин жолунда экендерин өздөрү билишпейт.

Дайыма кемчиликтерди гана көрүп турушат.

«Мамлеткет тигиндей, эл башчы мындай, министр тигинтип койду, молдо мынтип койду, коом мындай болуп кетти». Бир гана каталарды көрүп турушат.

Жакшылыктарды эч көзгө илишпейт.

Акыйкатта, туугандар, бул өтө коркунучтуу жол.

Аллах Куранда айтат: “Раббиңдин жакшылыктарын айтып жүр!” (Куран, ад-Духа 93:11). Айткан жок “каталарды жана жамандыктарды айткыла”, — деп. Бирок “Аллах берген жакшылыктарын айт”, — деди.

Кандай гана жакшылык болбосун, ал Аллах тараптан.

Аллахтын жакшылыктарын эскергенде, каталарды таап, аны айыптасаң – аларга өйдөдөн караган болуп каласың. Ката, жамандыктарды айтып туруп алсаң, жакшылык-нээматтар жок болуп кетет.

Бакр ибн Абдиллах аль-Музани айткан: “Аллахтын жакышылыктарын эсептегиле, эгер жакшылыкты санасаңар биригесиңер. Ал эми жамандыктарды санап туруп алсаңар бөлүнүп-жарыласыңар”.

Эл башчыга каршы чыккысы келген бир адам Хасан аль-Басриге келгенде, ага Хасан “Сени эл башчы намаздан тыйып жатабы?”, — деди, тиги адам “жок”, — деди. “Сени орозодон тыйдыбы?”, — десе, “жок”, — дейт. “Зекеттен тыйып жатабы?”, — десе, “жок”, — дейт. “Ажылыктан тыйдыбы?”, — десе, “жок”, — дейт. “Демек, сени бир дүйнө кызыкчылыгыңан тыйып койгон, ошого сен каршы чыгып жатасың деди”. Азыркы абалда дал ушундай. Дүнүйөдөн тыйып койсо, акысын бербей койсо, дароо көтөрүлүшкө чыга калышат.

Аллахка ант. Азыр адамдар калем барак алып Аллах берген нээматтарды эсептешсе, эсептеп бүтпөйт. Бирок адамдар чогула калса эле, бир гана жамандыктарды каталарды эскерип киришет.

Керек болсо кээ бирлер, тилекке каршы, жаш балдары менен отуруп алып да, ушул теманы козгошот. Бирок, тиги жаш бала, айтылган нерселерди өзүнө сиңирип жатканын сезишпейт. Бир аз убакыт өткөн соң, бузуку болуп чоңоюп, коомдон жана өлкөсүнөн өч алган бала болуп чыга келет.

Муну мен оюумдан чыгарып айтып жаткан жерим жок. Көп жаштар менен отуруп сүйлөшкөнбүз. Ата-энеси, туугандары тарабынан ушул бир гана жамандыктарды уга берип, жүрөктөрү катып, коомунан, жашаган жеринен, аалымдардан, эл башчыдан өч алгысы келип чоңоёт.

Ал эми жакшылыктар эскерилген жерде чоңойсо, сөзсүз ортолукту кармануу болот. Мындай адашууга учурабайт болчу.

Оригинал:

Share

You may also like...